Ливанда пейжерлер массалык түрдө жарылып, 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жаракат алды. Видео

17-сентябрда Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер бир убакта массалык түрдө жарылды.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фирас Абъяд окуянын натыйжасында 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жарадар болгонун билдирди.

Жаракат алгандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин иран маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, анын жарааты жеңил, өмүрүнө коркунуч жок.

Көзөмөл камераларынан алынган видеолордун биринде соода борборунда жүргөн адамдын чөнтөгүнөн жарылуу болгонун көрүүгө болот 

Саламаттыкты сактоо министрлиги тез жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды максималдуу күжүрмөн режимге өтүүгө, мындан тышкары, пейджер ээлерин дароо алардан арылууга чакырышты.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тургундарды тез жардам унааларынын ыкчам жүрүшү үчүн тыгындарды болтурбоо үчүн өтө зарылчылык болбосо жеке транспортту колдонбоону өтүндү.

Кээ бир ЖМКлардын маалыматына караганда, пейджерлерди ливандык “Хезболла” кыймылы хакерлик жана тыңшоого эң аз дуушар болгон жабык байланыш системасы катары колдонушат.

Ливандык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Бейрут, Сайде жана Тирдеги ооруканалар жабырлануучуларга жык толуп калды

Видеоплеер

Пейджерлердин жарылышына эмне себеп болду? 

Жүздөгөн аппараттардын бир убакта жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Бирок Ливандын улуттук NNA агенттиги аппараттардын жарылышы «жогорку технологиялык таасирден» улам болгонун жазды.

АКШнын мурдагы чалгын кызматкери Эдвард Сноуден X соцтармактагы баракчасынан Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлердин жардырылышы хакерлердин чабуулунан эмес, ичине орнотулган жардыруучу түзүлүштөрдүн иштешинен улам болушу ыктымал деп болжолдоду.

Ал мындай ойлорго аны жабырлануучулардын окшош оор жаракаттарды алышы түрткөнүн белгиледи.

“Рейтер” агенттиги булактарына таянып, Израилдин чалгындоо кызматы “Моссад” Ливандын “Хезболла” кыймылынын буйрутмасы менен Тайванда жасалган беш миң пейжерге аз өлчөмдөгү жардыргыч заттарды койгонун кабарлады. Агенттиктин булагы билдиргендей, кыймыл пейджерлерге буйрутманы тайвандык Gold Apollo компаниясына берген.

Көп өтпөй Gold Apollo компаниясынын башкы директору Сюй Цингуан жардырылган пейджерлердин тайвандык компанияга эч кандай тиешеси жок экенин, алар европалык компания тарабынан иштелип чыгып, өндүрүлгөн билдирди.

“Жардырылган пейджерлер иштеп чыгуу да, өндүрүү да чет өлкөдө жүргүзүлгөн, алардын Тайванга эч кандай тиешеси жок”,- деди Сюй Цингуан.

Ливан Израилди айыптоодо

Ливан бийликтери жана ливандык “Хезболла” кыймылы окуя үчүн Израилди айыпташты.

Республиканын маалымат министри Зияд Макари пейджерлердин жардырылышы Израилдин агрессивдүү актысы болуп саналарын билдирди.

“Хезболла” Ливан элинин кыргыны үчүн Израиль катуу жооп алаарын билдирди.

Axios басылмасы маалымат булактарына таянып, Ливандагы пейджерлерди жардыруу операциясы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен анын кабинетинин мүчөлөрү жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин жолугушууларында жактырылганын кабарлады.

Израилдин бийликтери пейджерлердин жарылуусу тууралуу маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэттью Миллер Ливандагы пейджер окуясына АКШнын тиешеси жок экенин билдирди.

“Биз маалымат чогултуп жатабыз. АКШнын буга тиешеси жок. Бизге алдын ала маалымат берилген эмес”, — деди ал брифингде.

Комментарий жиберүү