Шойгу Иранга барып, өлкө президени Пезешкиан менен жолукту. Сүрөт

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу 17-сентябрда Ирандын баш калаасына келгенин Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалы билдирди.

Сапардын алкагында Шойгу өлкө президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.

Жолугушууда Шойгу Пезешкианга Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун тапшырганын IRIB билдирди. 

“Иран Ислам Республикасынын президенти менен жолугушууда Шойгу мырза ага Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун берип, Пезешкян мырзага жетишилген макулдашуулар боюнча отчетту көрсөттү”, — деп айтылат телеканалдын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүсүндө.

Ирандын президенти Тегеран Москва менен алакасын өнүктүрүүнү уланта турганын билдирди.

“Он төртүнчү өкмөт эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматташтыкты жана чараларды активдүү жүргүзөт”, – деген Пезешкиандын сөзүн президенттин расмий сайты келтирет.

Иран мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык туруктуу, үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү негизде өнүгө турганын кошумчалады.

Анын айтымында, Россия менен Ирандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн тереңдеши жана бекемделиши аларга киргизилген санкциялардын таасирин алсырата алды.

Шойгу Ирандын баш калаасында президент менен жолугушуудан тышкары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки күн мурда Сирия Араб Республикасынын президенттик сарайынын басма сөз кызматы Сергей Шойгу менен Сириянын президенти Башар Асаддын Дамаскта жолугушуусу болгонун жарыялаган.

Тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздукка байланыштуу бир катар маселелерди, ошондой эле Россия менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди талкуулашканы айтылган кеңсенин билдирүүсүндө.

Комментарий жиберүү