Пейджерлердин жарылуусу. Дүйнө коомчулугу Ливандагы чабуулду айыпташууда

Ливанда бир эле убакта миңдеген адамдардын пейджерлери жарылды. Натыйжада 11 адам казат таап, жаракат алгандардын саны төрт миңден ашканын Ливандын Саламаттык сактоо министри Фирас Абьяд билдиргенин жергиликтүү OTV телеканалы кабарлады.

Жабыркагандардын көбү бетинен, колунан жана курсагынан жаракат алышкан.

Ливандык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Бейрут, Сайде жана Тирдеги ооруканалар жабырлануучуларга жык толуп калды.

Миңдеген аппараттардын бир убакта жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Бирок Ливандын улуттук NNA агенттиги аппараттардын жарылышы «жогорку технологиялык таасирден» улам болгонун жазды.

Ливан бийликтери жана ливандык “Хезболла” кыймылы окуя үчүн Израилди айыпташты.

Пейджерлердин массалык жарылуусуна дүйнө коомчулугу реакция кылып, чабуулду айыптап жатышат.

Иран

Аппараттардын жарылуусуна биринчилерден болуп Иран реакция жасаган.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани Израиль уюштурган деп шектелген Ливандагы пейжерлердин массалык жардырылышы жана анын натыйжасында бир нече миң адамдардын жабыркашы Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирерин айтып, эл аралык коомчулук Израилдин кылмыштуу бийликтеринин жазасыз калуусуна каршы чукул чара көрүүгө тийиш экенин билдирди.

“Чындыгында, сассалык киши өлтүрүүнүн бир түрү болгон бул татаал теракт Израиль режиминин Палестина элине каршы жасап жаткан согуш кылмыштарынан жана геноцидинен тышкары аймактык жана эл аралык деңгээлдеги тынчтык жана коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурганын дагы бир жолу ачык далилдейт. Ушунун негизинде (Израиль – ред.) режиминин террордук чабуулдарына жана андан келип чыккан коркунучтарга каршы күрөшүү ачык зарылчылык болуп саналат жана дүйнөлүк коомчулуктун тез аранын ичинде Израилдин кылмыштуу бийликтеринин жазасыз калышына каршы чара көрүүсү зарыл”, – деген Канаанинин сөзүн Иран ТИМинин расмий Telegram-каналы келтирет.

БУУ

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ливандагы пейджерлердин жарылуусуна тынчсыздануусун билдиирп,  карапайым адамдардын өлүмүн айыптады.

Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын кеңсесинин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин Reuters агенттиги кабарлады.

Ливандын бүткүл аймагында болгон кол салууну БУУнун Ливан боюнча атайын координатору Жанин Хеннис-Плассхерт да айыптады.

Ал пейджерлердин жарылуусун “абдан тынчсыздандырган эскалация” деп атады.

Хеннис-Плассхерт карапайым калк ар дайым корголушу керек экенин белгиледи.

“Жарандык калктын арасында атүгүл бир жарандын курман болушу – бул өтө эле көп”, – деди БУУнун өкүлү.

Ал кызыкдар тараптарды мындан ары ар кандай аракеттерден же согуштук риторикадан алыс болууга чакырды.

Венесуэла 

Венесуэланын өкмөтү Ливандагы байланыш түзүлүштөрүн жардырууну айыптап, муну карапайым калкты коркутуунун жийиркеничтүү ыкмасы деп эсептеди.

Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин билдирүүсүндө, мындай ыкмалар курмандыктарга гана алып келбестен, коргоосуз карапайым калк арасында коркуу жана дүрбөлөңдү жайылтат.

Куба

Ливандагы пейджерлердин жардырылышын Куба да айыптап, бул Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын олуттуу курчушуна алып келиши мүмкүн деп билдирди.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья X (мурдагы Твиттер) баракчасына 10го жакын адамдын өмүрүн алып, дагы 2800 адамда жаракат кылган Израилдин кибер чабуулун айыптады.

Анын айтымында бул окуялар Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын олуттуу курчушу болуп саналат жана ал регион үчүн олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерге алып келет.

Араб лигасы

Араб мамлекеттеринин лигасынын баш катчысы Ахмед Абуль Гейт Израилдин Ливандагы пейджерлерди жардыруусун чечкиндүү түрдө айыптап, эскалациянын кесепеттери тууралуу эскерткени уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

“Араб мамлекеттеринин лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт Израилдин Ливандагы байланыш жабдууларына жасаган чабуулун катуу айыптады, анын натыйжасында бир нече адам, анын ичинде бир кыз каза болуп, миңдеген жаракат алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Россия

Аппараттардын массалык жардырылышына комментарий берди  РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да комментарий берди.

Анын айтымында, Ливандагы пейджерлердин жарылышы иликтөөнү талап кылат, эксперттер эмне болгонун квалификациялоосу керек.

«Бул (жардыруу) иликтөөнү талап кылат, бул тема эл аралык көңүл бурууну талап кылат… Бул үчүн квалификацияны адистер бериши керек, бирок мунун бардыгын иликтениши керек», – деди Захарова журналисттерге төртүнчү Евразиялык аялдар форумунун алкагында.

Комментарий жиберүү