Пейджер жарылуусу: Иран Ливанга куткаруучуларды жана хирургдарды жөнөттү

Ирандык куткаруучулар жана дарыгерлер Ливандагы байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан жабыркагандарга жардам берүү үчүн Бейрутка келишти.

Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хоссейн Коливанд билдиргенин Иран өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Коливанд Ливандагы чабуулду айыптады.

Анын айтымында, Ирандын Кызыл Жарым Ай коому Эл аралык Кызыл Крест комитети жана Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып, гуманитардык жардамдын алкагында Ливанга куткаруу топторун жана офтальмолог-хирургдарды жеткиришти.

Ал ошондой эле Иран бийлиги оор жаракат алгандарды дарылоо үчүн Ислам Республикасына алып барууга даяр.

Андан мурда Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи ливандык кесиптеши Абдалла Бу Хабиб менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Иран Ливанга жарылуудан жабыркагандарды дарылоо үчүн жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин ТИМдин Telegram-каналында жарыяланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Арагчи Ливандын өкмөтүнө, элине жана окуяда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, тилектештигин билдирип, жарадарларды дарылоо же Тегеранга жеткирүү үчүн бардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Аракчи ошондой эле ливандык кесиптешинен жарылуудан жаракат алган Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Аманинин абалы тууралуу маалымат берип турууну суранган.

Ливандагы пейджер жарылуусуна Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да жаракат алганы маалымдалган.

Ирандын Бейруттагы элчилиги пейджердин жардырылышынын натыйжасында Ислам Республикасынын элчиси бир көзүнөн айрылды деген кээ бир маалымат каражаттарынын маалыматын четке какты.

Андан мурда The New York Times (NYT) гезити булактарга шилтем берип, Амани пейджери жарылганда бир көзүнөн айрылып, экинчисин да жабыркатып алганы жазган.

Шейшембиде Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер массалык түрдө жардырылды. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фирас Абъяд чабуулдан 4 миңдей киши жарадар болуп, он бир киши каза болгонун билдирди.

Бир катар маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, пейджерлерди ливандык “Хезболла” кыймылынын мүчөлөрү хакердик чабуулга жана тыңшоолорго эң аз кабылган жабык байланыш системасы катары колдонушат. Миңдеген аппараттардын бир убакта жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Хезболла жана Ливан бийликтери окуя үчүн Израилди айыпташты.

Израилдин бийликтери пейджерлердин жарылуусу тууралуу маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани Израиль уюштурган деп шектелген Ливандагы пейжерлердин массалык жардырылышы жана анын натыйжасында бир нече миң адамдардын жабыркашы Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирерин айтып, эл аралык коомчулук Израилдин кылмыштуу бийликтеринин жазасыз калуусуна каршы чукул чара көрүүгө тийиш экенин билдирген.

Комментарий жиберүү