Хакер Евробиримдиктин, АКШ жана Канаданын компанияларына 73 миллион доллар зыян келтирген

Украиналык хакер АКШ, Канада, Франция, Германия, Норвегия жана Нидерландиянын өнөр жай ишканаларынын ресурстарына кол салган. Хакерликтин натыйжасында келтирилген зыян 73 миллион долларга бааланган, деп жазат Vesti.Ru.

“Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнө үч миллиард гривнадан ашык зыян келтирилди: эл аралык хакерлер тобунун мүчөсү Украинада соттолот”, – деп билдирди украин полициясы Telegram каналында.

Хакер чет элдик ишканалардын кызматкерлеринин аккаунттарына кирип, маалыматтарды уурдап, атайын вирустук программанын жардамы менен аппараттарды шифрлеген. Мындан кийин хакер криптовалютадан кун талап кылган.

Комментарий жиберүү