Россия Украинадагы жаңжалды токтотууга умтулат, деп билдирди РФ президенти Владимир Путин.
Путин ошондой эле зарыл болсо, орус армиясы орто аралыкка учуучу жаңы “Орешник” гиперүндүү баллистикалык ракетасын кайрадан колдонушу мүмкүн экенин, бирок азырынча буга шашылбайт деди.
Бул тууралуу Россиянын лидери Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕЭК) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, андан да күчтүү орто алыстыкка атуучу куралдарды колдонуу талап кылынса, анда Россия аны колдонот.
“Бул сыр эмес, биз муну жашырбайбыз. Бизде “Орешник” системалары азырынча аз экенин да айткам, бирок бизде алар бар”, – деди Путин.
Анын айтымында, “биз аларды колдонууга шашылбайбыз, анткени бул куралдар күчтүү, алар белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган”.
Ал ошондой эле “Орешниктин” сериялык өндүрүшү башталганын, бул системалардын канчасы керек болсо ошончо чыгарыла турганын айтты.
Мындан тышкары, Путин Украина орус газын жеткирүү боюнча келишимди жабуу менен Европаны жазалап жатканын, андан улам Европадагы газдын баасы көтөрүлөрүн билдирди.
2019-жылы Росииянын газын Украина аймагы аркылуу Европага транзиттөө боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 31-декабрда аяктайт жана Киев аны узартуу планы жок экенин бир нече жолу билдирген. Ал эми өткөн аптада Владимир Зеленский 31-декабрдан кийин орус газын үчүнчү өлкөлөр сатып алган күндө да Украинанын аймагы аркылуу Европага өткөрүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Россия лидери Москва Европага күйүүчү май жеткирүүдөн эч качан баш тартпаганын баса белгилеп, өлкөсү Польша аркылуу Евробиримдикке газ жеткирүүгө даяр экенин билдирди.
Президент Польшанын аймагы аркылуу өткөн Ямал-Европа кууру аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин эске салды.