Путиндин Бишкекке сапары: Москва Борбор Азияда жаңы «алтылыктын» түзүлүшүн токтото алабы?

Евразиянын жаңы геосаясий картасы: Кремль Борбордук Азия менен Азербайжандын биримдигинен эмне үчүн кооптонууда?

Борбор Азия сейрек болуучу саясий динамика мезгилине кирди. Бир нече айдын ичинде регион маанилүү дипломатиялык жолугушуулардын аренасына айланып, күчтөрдүн тең салмактуулугун олуттуу өзгөрттү. Алгач Борбор Азия мамлекет башчылары С5+1 саммитине катышуу үчүн Вашингтонго барып, АКШ регион менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы моделин сунуштап, Борбор Азияга болгон стратегиялык кызыкчылыгын ачык билдирди.

Бир нече жумадан кийин Ташкентте дагы бир маанилүү жолугушуу — бул жолу Азербайжандын катышуусу менен өттү. Жолугушуу Батышсыз, бирок Түркия жана Түштүк Кавказдын байкалаарлык таасири бар жаңы “5+1” форматын пайда кылды.

Бул окуялар Борбор Азия мурдагы алкактар менен чектелбей, ар түрдүү тышкы саясий айкалыштарды издей баштаганын көрсөттү. АКШ, Түркия жана Азербайжандын активдүүлүгүнүн фонунда Россия таасир этүүнүн механизмдерин кайра жүргүзүүнү талап кылган кырдаалга туш болду.

Мына ушул жаңы реалдуулукта, аймактык борборлордун өсүп жаткан көп векторлуулугунун, тышкы акторлордун кызыгуусунун күчөшүнүн жана Евразиянын чок ортосунда акырындап көз карандысыз күч борборунун пайда болушунун фонунда Москва өзүнүн оппоненттеринин долбоорлорун алдын алуу үчүн адаттагыдай проактивдүү эмес, реактивдүү жооп кайтарууга аргасыз болууда.

Путиндин Кыргызстанга сапары Кремль үчүн жөн гана дипломатиялык ишарат эмес, бул аймактагы негизги оюнчу катары өзүнүн ролун калыбына келтирүү аракети.

Россиянын Борбор Азиядагы саясаты көп убакыт бою реактивдүү болуп келген — Москва өзүнүн стратегиялык күн тартибин түзүүнүн ордуна, болуп өткөн окуяларга жооп берүүнү артык көргөн. Бирок бүгүн региондук архитектура тез өзгөрүп жаткан шартта мындай инерция Россия үчүн көйгөй жарата баштады.

Мындай пикири менен кыргызстандык саясий эксперт Марс Сариев “Eurasia Today” маалымат агенттигине  Владимир Путиндин алдыдагы Бишкекке сапары тууралуу комментарий берип жатып бөлүштү.

Анын айтымында, акыркы айлар бул процесстин көрсөткүчү болуп калды. Алгач — Вашингтондогу “С5+1” саммити, андан кийин Ташкенттеги кеңейтилген формат болуп, Азербайжан чөлкөмдүн беш өлкөсүнө кошулду. Ошентип, биринчи жолу Түштүк Кавказ менен Борбордук Азияны бирдиктүү геосаясий бүтүмгө бириктирген жаңы саясий альянс “алтылык” пайда болду.

Эксперттин пикиринде, дал ушул жаңы субъекттин түзүлүшү Москва үчүн тынчсыздануунун негизги себеби болду. Анткени Түркия менен аскердик жактан активдүү кызматташкан Азербайжан НАТОнун мүчөсү Анкаранын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүдө.

“АКШ өз кызыгуусун ачык көрсөттү: регион лидерлеринин Вашингтонго чакырылышы “алтылыктын” түзүлүшү Батыштын тыкыр байкоосунда экенин көрсөттү”, — деп белгилейт Сариев.

Эксперт бул окуялар Россияны позициясын бекемдөөнүн жолдорун издөөгө мажбурлады.

Астананын кадамдары кошумча басым фактору болуп калды: Казакстандын президенти Вашингтондон кийин Москвага барып, Казакстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берерин ишендирди.  Бул Москвага тааныш жана тынчсыздандырган көп векторлуу саясаттын чагылышы.

Мына ушулардын фонунда Путиндин Кыргызстанга ЖККУнун саммитине келиши Россиянын жаңы региондук субъектти өзүнүн катышуусуз калыптандырууга жол бербөө аракети катары бааланууда. Москва союздаштарынан лоялдуулуктун кошумча кепилдиктерин алууга жана анын (аймактын коопсуздук архитектурасында маанилүү ролду ойногон) негизги аскердик объекттери — Канттагы авиабаза жана Кулябдагы ири база жайгашкан аймактагы таасирин сактап калууга умтулат.

Сариевдин баамында, Россия алсызданган саясий позициясынын ордун толтурууну көздөп, бул аскерий объектилерди бекемдөөнү жана контингентин кеңейтүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Экономикалык жактан Россия менен кызматташууга жана эмгек миграциясына көз каранды Кыргызстан менен Тажикстан мындай таасирге эң кабылдуу өлкөлөр бойдон калууда.

Ал арада Казакстан менен Өзбекстан Москва, Анкара, Пекин жана Вашингтондун ортосунда тең салмактуулукту сактап, көз карандысыз жана этият мамилени көрсөтүүдө. Бул анын Кавказда да, Борбор Азияда да маневр үчүн мейкиндиги акырындык менен тарылып баратканын сезген Кремлдин кооптонуусун күчөтүүдө.

Бул контекстте Путиндин Бишкекке сапары кадимки протоколдук сапар эмес, борбордо жаңы саясий реалдуулуктун калыптанышына жол бербөөгө багытталган кадам.

Корутунду

Бүгүнкү күндө Борбордук Азия 1990-2000-жылдардагыдай периферия эмес. Регион бышып, өз алдынча болуп, АКШ, Түркия, Кытай жана Түштүк Кавказ багыттары боюнча жаңы өнөктөштүк моделдерин ишенимдүү изилдеп жатат.

Мындай шартта Москва өзүнүн мурдагы, көбүнчө реактивдүү саясаты иштебей калганын түшүнө баштады, эрежелер стратегиялык документтерди кайра жазууга караганда тезирээк өзгөрүүдө.

Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши салтка таазим же ЖККУнун саммитине жөн эле катышуу эмес. Бул — региондо калыптанып жаткан жаңы геосаясий конфигурациянын демилгесин өз колуна алуу аракети. Анткени Борбор Азия биринчи жолу Москваны карабастан, көп деңгээлдеги союздарды түзүүгө жөндөмдүү өз алдынча субъект катары чыгууда.

Мына ушундан улам Кремль таасири дагы деле байкалып турган Кыргызстан жана Тажикстанда өзүнүн аскердик-саясий катышуусуна, экономикалык байланыштарына, миграциялык факторго таянып,  позициясын бекемдөөгө умтулууда.

Бирок Россия жаңы реалдуулукка ыңгайлаша алабы? Ал түзүлүп жаткан евразиялык архитектуранын катышуучусу боло алабы же ага постфактум реакция кылууга аргасыз болобу? Бул суроолордун жообу Путиндин Бишкекке сапары канчалык деңгээлде таасирди сактап калуу аракети эмес, аны сактап калуу символуна айланарын аныктайт.

Азиз Пиримкулов