Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев Ирандын президенти Масуд Пезешкианга ишеним грамоталарын тапшырды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Саясий диалогду бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.
Ошондой эле өз ара урматтоого жана эл аралык укукка негизделген конструктивдүү, ачык диалогду улантуу зарылдыгы баса белгиленди.
Акылбек Кылычев өнөктөштүктү андан ары тереңдетүүгө, эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жана бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.
Өз кезегинде Ирандын президенти элчиге дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Эске салсак, Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп 2025-жылдын ноябрында дайындалган.