АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс жабык жыйындарда Пентагон тарабынан берилген Ирандагы согуш тууралуу маалыматтарга бир нече жолу шек санаган. Бул тууралуу басылма жогорку даражалуу эки кызматкерге таянып жазды.
Вэнс аскердик ведомство АКШнын колунда калган ракеталардын санын жана Ирандагы кыйроолордун масштабын ашыра көрсөтүп жатат деп шектенет. Бирок ал Пентагон атайылап Дональд Трампты жаңылтып жатат деген түз айыптоо айткан эмес.
Басылманын булактарынын айтымында, коргоо министринин оптимисттик билдирүүлөрү президент уккусу келген маалыматты жеткирүү аракети менен байланыштуу болушу мүмкүн. The Atlantic белгилегендей, Пентагондун брифингдери эртең мененки саат 08:00дө өтөт — дал ошол учурда Трамп Fox News көрүп отурат. «Телевидениеде иштеген тажрыйба Питке Трамп менен кандай иштешүүнү жана анын ой жүгүртүүсүн түшүнүүнү үйрөттү», — деген мурдагы администрация кызматкерлеринин бири.
Ошол эле учурда Вэнс басылмага берген комментарийинде коргоо министринин ишин жогору баалап, Ак үйдүн өкүлү вице-президент «стратегиялык пландоо боюнча көптөгөн терең суроолорду берет» деп белгиледи.
Булактардын маалыматына караганда, согуш талаасындагы реалдуу абал АКШ үчүн Пентагондун жетекчилери сүрөттөгөндөй анчалык оптимисттик эмес. Ички чалгындоо баалоолоруна ылайык, Иран өзүнүн авиациясынын үчтөн эки бөлүгүн, ракеталарды учуруучу түзүлүштөрдүн көпчүлүгүн жана Ормуз кысыгы үчүн негизги коркунуч жараткан тез жүрүүчү кичи кайыктардын басымдуу бөлүгүн сактап калган. Мындан тышкары, Тегеран күн сайын жаңы учуруучу түзүлүштөрдү ишке киргизип жатат.