Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн өз кызыкчылыгына ылайык кайра калыптандырууга аракет кылып жатат.
Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин “Валдай” эл аралык талкуу клубунун конференциясында билдиргендигин РИА Новости агенттиги жазды.
“Бүгүнкү күндө Батыш бул аймакты өзүнүн муктаждыктарына ылайыкташтыруу, жаратылыш ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу жана ал аркылуу өткөн транспорттук коридорлорду көзөмөлдөө аракеттерин улантууда”, – деди Галузин.
Бул билдирүү эл аралык саясат жана аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу талкуулардын фонунда айтылды.
РБК басылмасы буга чейин, АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) АКШнын жана Борбордук жана Түштүк Азиянын аскерлери июнь айында биргелешкен машыгууларды өткөрөрүн жазган. Ошондой эле, АКШнын жана аймактык аскерлердин катышуусундагы 30-“Регионалдык кызматташтык” машыгуулары болорун жарыялаган.
“Апрель айынын аягында Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов согушкерлердин кризистик аймактардан Шанхай кызматташтык уюмун (ШКУ) кошо алганда коңшу өлкөлөргө кирип кетүү коркунучу жөнүндө эскерткен”, – деп жазат РБК.