Моссаддын башчысынын БАЭге жашыруун сапары ачыкка чыкты

Моссаддын башчысы Давид Барнеа Иранга каршы согуш маалында операцияларды координациялоо үчүн БАЭге кеминде эки жолу барган.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы маалымдар булактарга таянып билдиргенин иран ЖМКлары жазышты.

Маалыматка ылайык, Барнеанын жолугушууларынын максаты — чалгын маалыматтарын алмашууну шайкеш келтирүү жана Иранга каршы чабуулдарды пландоо болгон.

Ошондой эле аталган басылма «Абу-Дабинин Иранга каршы согуштагы ролу чалгын координациясынан да кеңири болгонун» жазып, «БАЭ Иранга каршы жашыруун өз алдынча аскердик соккуларды жасаганын жана мындай аракетке АКШ менен Израилден тышкары барган жалгыз өлкө болгонун» белгиледи.

Эске салсак, апрель айында Иран Бахрейн, Сауд Арабиясы, Катар, БАЭ жана Иорданиядан АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясындагы ролу үчүн компенсация талап кылган.

Ислам Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагасына кат жолдоп, анда “Бахрейн Падышачылыгы, Сауд Арабиясы Падышачылыгы, Катар мамлекети, Бириккен Араб Эмираттары жана Иорданиянын Хашимит Падышачылыгы Иранга каршы агрессия үчүн өз аймактарын гана бербестен, айрым учурларда алардын кээ бирлери Ислам Республикасынын жарандык объектилерине багытталган мыйзамсыз куралдуу кол салууларга түздөн-түз катышканын белгиленген.