Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу чакырыктар боюнча пикир алмашылды. Тараптар маалыматтык коопсуздукту жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Мамлекет башчысы жолугушуу маанилүү учурга – “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын астында өтүп жаткан Уюмдун 25 жылдык маарекеси жана Кыргызстандын төрагалыгы жылында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.
Бул контекстте Садыр Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында Шанхай кызматташтык уюму туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айтты.

Ал заман талабындагы чакырыктарга токтолуп, кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган маалыматты колдонуп жана мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы дал ошондуктан ШКУнун институционалдык базасын бекемдөө боюнча иш жүзүндөгү кадамдарыбыз өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Ал маанилүү чаралардын бири катары ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн базасында курамында Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун камтыган Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборду түзүүнү белгиледи.

1 of 9

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын позициясы туруктуу экенине басым жасады: ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук алдын алуучу – коркунучтар зыян келтире электе аларды болжолдоп, алдын алганга жөндөмдүү болушу керек.
Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Мамлекет башчысына Уюмдагы кызматташтык, анын ичинде коопсуздукту бекемдөө маселелерине жеке көңүл буруусуна ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул жетишкендик Кыргызстандын эл аралык аброюнун жана анын тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымынын таанылгандыгынын айкын күбөсү экенин баса белгиледи.
Уюмдун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы жигердүү жана жемиштүү төрагалыгын белгилеп өттү. Маанилүү демилгелерди көтөрүү, Саммитке карата даярдык иштеринен тышкары профилдик механизмдердин кеңешмелери да өтүүдө. Ал белгилегендей, ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин бүгүнкү жыйыны өз ишин кыргыз тараптын демилгеси менен 2022-жылдан баштап кайрадан жандандырган.