Иран агрессияга жооп иретинде АКШнын базаларына сокку урду: Перс булуңундагы чыңалуу кайрадан күчөдү

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тездик менен курчуп баратат. 6-июнь күнү таңга жуук Ирандын Аба-космостук күчтөрү Кувейт менен Бахрейндеги АКШнын объектилерине бир катар ракеталык соккуларды жасады.

Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) өкүлдөрү билдиришти.

Иран тараптын маалыматына ылайык, бул чабуул Перс булуңундагы Кешм аралындагы объектилерге каршы америкалык аскерлердин жакында жүргүзгөн аракеттерине жооп катары жасалды. Тегерандын билдирүүсүндө айтылгандай, соккунун негизги буталары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объектилер болду. Чабуул учурунда камикадзе-дрондор жана кыска жана орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталар колдонулган.

Өз кезегинде АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык күчтөр Ормуз кысыгынын аймагына багыт алган төрт учкучсуз аппаратты атып түшүргөндөн кийин, Иран Кувейт жана Бахрейн тарапка жети ракета учурганын билдирди.

Бул АКШ тарабынан жасалган чабуулга Тегерандын жооп кайтаруусуна байланышкан биринчи окуя эмес. Буга чейин да Иран жооп иретинде соккуларды жасап, Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун штабына жана Кувейттеги тик учактар жайгашкан авиабазага сокку урганын билдирген.

Ошол эле учурда Ирандын Харк жана Кешм аралдарынын аймагындагы абадан коргонуу каражаттарынын активдүүлүгү күчөгөнү тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Мындан тышкары, АКШнын аскердик авиациясы Перс булуңунда патрулдук учууларды улантып жатканы кабарланууда. Ачык булактардын маалыматы боюнча, америкалык чалгындоочу учактар аймактагы аба жана деңиз абалын тыкыр байкоо жүргүзүшүүдө.

Учурдагы өз ара соккулар Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуунун дагы бир эпизоду болуп калды. Эксперттер жаңжал мындан ары дагы кеңейсе, ал Иран менен аймактагы америкалык күчтөрдү гана эмес, Перс булуңундагы мамлекеттерди дагы камтышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Анткени дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн олуттуу бөлүгү дал ушул аймак аркылуу өтөт.

«Биз тынч жашоочуларга каршы кылмыштары менен булганган агрессор күчтөргө эскертебиз: эгер мындай аракеттер дагы кайталанса, буга чейинкидей чектелген жооп чаралары жетишсиз болот. Мунун кесепети катары Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү мунай менен газ агымдары толугу менен токтотулушу мүмкүн», — деп билдиришти Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрү.

Жаңы соккулардын фонунда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү кайрадан Ормуз кысыгына жана дүйнөлүк энергетикалык рыноктун туруктуулугу көз каранды болгон деңиз байланыштарынын коопсуздугуна бурулду.

Мындан тышкары, АКШ катышкан эки аскердик өнөктүктөн кийин жана ирандык күчтөр тарабынан ондогон америкалык учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөндөн соң, АКШда мындай дрондордун тартыштыгы жаралып жатканы айтылууда.

Айрым маалымат каражаттарында АКШнын Аскердик-аба күчтөрү MQ-9 Reaper үлгүсүндөгү учкучсуз учактары бар бардык мамлекеттерге, уюмдарга, топторго жана жеке адамдарга кайрылып, аларды Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-аба күчтөрүнө сатуу өтүнүчүн билдиргени тууралуу маалыматтар пайда болду.

Маалыматтарга ылайык, MQ-9 Reaper дрондорунун өндүрүшү азыркы учурда жүргүзүлбөйт. Ошондой эле бул үлгүдөгү учкучсуз аппараттар Йеменде жана Иранда көп жолу кармалып же атып түшүрүлгөнү айтылууда. Натыйжада АКШ армиясынын кампаларындагы мындай аппараттардын саны кыйла азайып калганы белгиленүүдө.