Си Цзиньпин жети жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен Түндүк Кореяга келди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жети жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен Түндүк Кореяга келди

Бул тууралуу Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү (CCTV) маалымдады.

“Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) Борбордук комитетинин башкы катчысы жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жергиликтүү убакыт боюнча 8-июнда Пхеньянга келип, КЭДРге мамлекеттик сапарын баштады”, – деп билдирди канал.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Си Цзиньпин 8-9-июнда Түндүк Кореяга Ким Чен Ындын чакыруусу менен жети жылдан берки биринчи мамлекеттик сапары менен бараарын жарыялаган.

Кытай лидерин КЭДРге болгон сапарында жубайы Пэн Лиюань, Тышкы иштер министри Ван И жана башкалар коштоп жүрүшөт.

Быйыл Пхеньян менен Пекиндин ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам келишимине 65 жыл болот.

Си Цзиньпиндин Түндүк Кореяга акыркы сапары жети жыл мурун, 2019-жылдын 20-21-июнунда болгон.