АКШнын аскердик тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Apache аскердик тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү, деп билдирди New York Times (NYT) гезити кырдаал менен тааныш булактарга шилтеме берип.

Маалыматкар караганда, экипаждын эки мүчөсү тең куткарылган.

Гезиттин атын атагысы келбеген булактарынын биринин айтымында, тик учак Ирандын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнбү же техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей калганбы, белгисиз. Ал окуя иликтенип жатканын кошумчалады.

AH-64 Apache – АКШ армиясынын жана НАТО өлкөлөрүнүн негизги чабуулчу тик учагы болуп саналат, ал брондолгон техникаларды жок кылуу, абадан коргонуу системаларын басуу жана бардык аба ырайынын шарттарында кургактагы күчтөрдү колдоо үчүн иштелип чыккан. Ал брондолгон, жогорку тактыктагы ракеталар жана 30 мм автоматтык замбирек менен жабдылган.

Басылманын булактарынын маалыматы боюнча, кырсык 8-июнда болгон. NYT Apache тик учагынын кулашы жаңжал башталгандан бери биринчи учур экенин белгилейт.

АКШ президенти Дональд Трамп окуяга комментарий берип жатып, учкучтардын абалы “жакшы” экенин айтып, окуя боюнча отчет 9-июнда берилерин убада кылды.

Май айында АКШ Конгрессинин изилдөө кызматы америкалык аскерлер Иранга каршы операция учурунда учактарды, тик учактарды жана дрондорду кошкондо жалпысынан 42 аскердик учакты жоготконун билдирген.

Белгилей кетсек, Иран менен Израиль 7-8-июнда бир катар соккулар менен алмашышкан. Эскалация Израилдин Ливандын борборунун чет жакасына жасаган чабуулунан кийин болгон. Иран муну ок атышууну токтотуу келишим бузулушу катары баалап, Израидин түндүк аймактарына ракеталык чабуул жасаган. Эртеси Израиль ага жооп кайтарып, Ирандагы аскердик буталарга сокку урганын жарыялашкан.