8-июнь күнү Бишкекте “Имам Хомейнинин каршылык көрсөтүү идеяларынын уландысы жана адилеттүү дүйнөлүк тартип: АКШ менен Израил Иранга каршы согушта эмне үчүн утулуп калышты” деген темада эл аралык тегерек стол талкуусу өттү.

Ага кыргызстандык, орусиялык жана ирандык эксперттер, саясат таануучулар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышып, Иран Ислам Республикасын курчап турган акыркы кризистин кесепеттерин жана анын эл аралык мамилелердин жаңыдан пайда болуп жаткан системасына тийгизген таасирин талкуулашты.
Эл аралык тегерек столдо – геосаясий талдоо, кризистин кесепеттери жана жаңы дүйнөлүк тартип жөнүндө сөз болду.
Бул иш чарага бир катар эксперттердин катарында, Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Конгресстин координатору жана укук коргоочу Турсунбек Акун дагы катышты.
“Иранды курчап турган окуялар акыркы жылдардагы эң маанилүү геосаясий кризистердин бирине айланды жана эл аралык мамилелердеги олуттуу өзгөрүүлөрдү көрсөттү. Ар кандай саясий баалоолорго карабастан, жаңжал дүйнө бир полярдуу моделден эл аралык мамилелердин татаалыраак жана көп полярдуу системасына тездик менен өтүп жатканын көрсөттү”,- деди Турсунбек Акун.
Укук коргоочунун айтымында, АКШ глобалдык процесстерди көзөмөлдөөгө аракет кылууну улантууда. Ал эми Израиль Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылган таасирин сактап калууга аракет кылып жатат. Ошол эле учурда, Иран дүйнөгө өзүнүн туруктуулугун, саясий эркин жана тышкы кысымга туруштук бере аларын көрсөттү деп эсептейт.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Ислам Республикасы өзүн ири аймактык держава катары гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы негизги күч борборлорунун бири катары да далилдеди.
“Согуштун оор жоготууларына жана трагедиялуу кесепеттерине карабастан, Иран өзүнүн башкаруусун сактап гана тим болбостон, коомдун ички консолидациясын да бекемдеди. Иранда кысым, жетекчиликке кол салуу же коомду бөлүү аракеттери аркылуу бийликтин алмашуусуна болгон үмүттөр ишке ашпай калды”- деп баса белгиледи.




Эксперттин айтымында, тышкы күчтөр руханий жана саясий лидерликтин четтетилиши же алсырашы башаламандыкка жана ички толкундоолорго алып келет деп үмүттөнүшкөн. Тескерисинче Иран элинин олуттуу бөлүгү окуяларды эгемендүүлүк жана улуттук кадыр-барк үчүн күрөш катары кабыл алып, мамлекеттин айланасына чогулушту.
Турсунбек Акун Ирандын эл аралык кадыр-баркынын өсүшүн, чыр-чатактын маанилүү натыйжасы катары атап, өлкө расмий түрдө ядролук держава болбосо да, аскердик потенциалы бир топ жогору болгон мамлекеттердин кысымына туруштук бере алаарын көрсөтө алганын белгиледи.
Анын пикиринде, бул бир полярдуу дүйнөдөн көп полярдуу системага өтүүнүн белгилеринин бири болгон. Мында БРИКС өлкөлөрүн кошо алганда, жаңы күч борборлору барган сайын маанилүү болуп баратат.
Эксперт Тегерандын Москва жана Пекин менен жакындашуусуна өзгөчө көңүл буруп, акыркы окуялардан кийин бул өз ара аракеттенүү жаңы деңгээлге чыгып жатат деп эсептейт. Ал Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Санкт-Петербургдагы төрт сааттык жолугушуусун ачык мисал катары келтирип, мындай жогорку деңгээлдеги узак сүйлөшүүнүн өзү эле Москванын Тегеран менен болгон мамилелерге өзгөчө маани берерин көрсөтүп турарын белгиледи.
Ошол эле учурда эксперт аракеттер талкуулардан жана тегерек столдордон тышкары болушу керек деген оюн ортого салды. Ал эгерде жарандык коомдун өкүлдөрү чындап эле согуштан жапа чеккен адамдарды колдогусу келсе, алар практикалык кадамдарды жасап, эксперттик жолугушууларды, эл аралык дебаттар, коомдук демилгелер жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көңүл бурууга багытталган тынчтык акцияларын уюштуруу. Мындай талкууларга белгилүү эл аралык аналитиктерди жана эксперттерди, анын ичинде Джеффри Сакс, Дуглас Макгрегор, Джон Миршаймер, Мохаммад Маранди жана Пепе Эскобарды активдүү тартууну сунуштады. Анын пикиринде, мындай баяндамачылардын катышуусу талкууну жогорку эл аралык деңгээлге көтөрүп, дүйнөлүк саясатта бир тараптуу диктаттарга каршы турган өлкөлөрдүн позицияларына көбүрөөк көңүл бура алат деп эсептейт.
Турсунбек Акун ошондой эле, Ирандын руханий лидеринин ролун белгиледи.
“Али Хаменеинин принципиалдуу позициясы көпчүлүк тарабынан өлкөнүн туруктуулугунун негизги фактору катары каралат. Ал дал ушул ырааттуулук, тышкы кысымга баш ийбөө жана эгемендүүлүккө көңүл буруу Иран Ислам Республикасына эл аралык коомчулуктун олуттуу бөлүгүнүн урмат-сыйын сактап калууга мүмкүндүк берди”, – деди укук коргоочу.
Жыйынтыктап айтканда, ал бүгүнкү күндө жөн гана согуштун трагедиялары жөнүндө айтып, боор ооруу, билдирүү жетишсиз экенин билдирип, практикалык иш-аракеттер зарылдыгын айтты.
Анын пикиринде, коомдук делегацияларды түзүү, эл аралык жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана эксперттик дипломатияны өнүктүрүү керек.
Ал Иранга, Палестинага, Ливанга, Йеменге жана чыр-чатактан жабыркаган башка өлкөлөргө колдоо көрсөтүү сөз менен гана эмес, конкреттүү коомдук демилгелер аркылуу да көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.