Иран менен АКШ келишимге жетишти. Ормуз кысыгында эмне өзгөрөт?

Маалымдар булак Иран менен АКШнын ортосунда макулдашылган меморандумдун акыркы текстине  маанилүү өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирип, Ормуз кысыгындагы деңиз каттамдарын тейлөө кызматтарынын келечегин аныктоодо Иран менен Омандын ролу так көрсөтүлүп, эки өлкөнүн бул стратегиялык өтмөккө болгон суверендүү укугу бекемделгенин айтты. Ошондой эле АКШ биринчи жолу Ирандын деңиз кызматтары үчүн төлөмдөрдү алуу принцибин кабыл алган.

Маалымдар булак “Fars News” агенттигине берген маегинде акыркы документке киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып жатып, сүйлөшүүлөрдүн акыркы мүнөттөрүндө документтин тексти өзгөртүлүп, анда Иран менен Омандын Ормуз кысыгындагы эгемендүүлүгү маселесин ачык жана так баса белгилеген өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

Булактын айтымында, документтин мурунку вариантында Иран тарабынан жүргүзүлө турган башкаруу жана тартипти камсыз кылуучу жоболор камтылган эле. Бирок азыр документте Ормуз кысыгындагы “деңиз каттамдарын тейлөө кызматтарынын келечектеги башкаруусу” Иран менен Оман тарабынан “аныкталат” деп жазылды.

«Деңиз кызматтары» деген терминдин колдонулушу АКШ тарабынан Ирандын тиешелүү төлөмдөрдү алуу укугунун тааныганын билдирет, — деп белгиледи булак.

Ал белгилегендей, документтин дагы бир бөлүгүнө токтолуп, бул принцип тексттин башка жеринде дагы кайталанып, анда Иран болгону 60 күндүн ичинде кемелердин акысыз өтүшүнө гана уруксат берет деп көрсөтүлгөн. Бул АКШ Ирандын төлөм алуу укугун кабыл алганын, болгону 60 күндүк жеңилдикке макул болгонун билдирет.

Маалымдар булак ошондой эле Иран Ислам Республикасы бул 60 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин коопсуздук, деңиз навигациясы, экологияны коргоо жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү аркылуу бул кысык аркылуу өткөн соода кемелеринен түшкөн кирешелерди өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө пайдаланууну көздөп жатканын билдирди.

Ал сөзүнүн аягында бул маселеде Ормуз кысыгынын экинчи тарабы болуп саналган Оман мамлекетинин колдоосу негизги мааниге ээ болгонун айтып, Оман тарап менен макулдашууга жетишүү үчүн тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн кошумчалады.