Дээрлик күн сайын дрондордун чабуулуна кабылып жаткан Россиянын Белгород облусу чет өлкөлүк жумушчу күчүнө болгон суроо-талаптын өсүшү боюнча Кара топурак аймагынын (Черноземье) лидерине айланды. 2026-жылдын алгачкы төрт айында аймактагы иш берүүчүлөр визалык режим колдонулган өлкөлөрдөн 1,3 миң эмгек мигрантын тартуу үчүн арыз беришкен. Бул көрсөткүч 2025-жылдын жалпы жыйынтыгына салыштырмалуу дээрлик үч эсе көп жана 2024-жылдагы деңгээлден 17 эсе жогору.
Бул тууралуу жергиликтүү социалдык коргоо министрлиги “Коммерсантъ” гезитине билдирди. Маалыматка ылайык, негизги суроо-талапты айыл чарба тармагындагы тогуз ишкана түзгөн. Алар Кениядан 512, Индиядан 418, Вьетнамдан 171, Бангладештен 66 жана Кытайдан 51 жумушчу тартууну өтүнүшкөн.
Ушундай эле тенденция Кара топурак аймагынын башка облустарында да байкалууда. Тамбов облусунда чет өлкөлүк жумушчулар үчүн бөлүнгөн квота 2024-жылдагы 684 адамдан 2026-жылы 1,6 миң адамга чейин көбөйгөн. Негизинен Индия, Кения жана Вьетнамдын жарандары тартылууда.
Воронеж облусунда быйылкы жылдын алгачкы төрт айындагы суроо-талап 2025-жылдын толук көрсөткүчүнө салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге өскөн. Курск облусунда бул көрсөткүч эки эсеге көбөйсө, Орёл облусунда дагы туруктуу өсүш катталган.
Өзгөчө жагдай Липецк облусунда байкалган. Бул аймакта бекитилген квоталардын көлөмү тескерисинче дээрлик төрт эсеге кыскарган. Мунун себептери такталган эмес.
Россиянын Индиядагы соода өкүлүнүн орун басары Евгений Грива жана Санкт-Петербург эмгек ресурстары борборунун директору Сергей Балабанов индиялык жумушчуларга болгон кызыгуу «өтө тездик менен өсүп жатканын» белгилешти. Алардын айтымында, жакынкы жылдары Россия иш берүүчүлөрдүн тиешелүү суроо-талабына жараша мигранттарды максаттуу жана уюшкан түрдө тартуу системасына өтөт.
Белгород облусунда жана Кара топурак аймагынын башка региондорунда чет өлкөлүк жумушчуларга болгон кызыгуунун өсүшү Россиядагы системалуу кадр тартыштыгынын фонунда жүрүүдө.
Bloombergнин баалоосу боюнча, өлкөдө болжол менен 1,5 миллион жумушчу жетишпейт. Ал эми Экономиканын жогорку мектеби бул көрсөткүчтү 2,6 миллион деп эсептеген. Россиянын Эмгек министрлиги болсо 2030-жылга чейин кадр тартыштыгы 3,1 миллион адамга жетет деп болжолдойт.
Демограф Игорь Ефремов бул абалды 2022–2025-жылдары болжол менен 1,7 миллион эркектин мобилизацияланышы жана согушка тартылышы, 600 миңден 1 миллиондон ашуун адамдын өлкөдөн чыгып кетиши, ошондой эле миграциялык мыйзамдардын катаалдашуусунан кийин эмгек мигранттарынын саны болжол менен 1 миллионго кыскарышы менен түшүндүрөт.