Иран төрт айдан ашуун убакыттан кийин маркум аятолла Али Хаменеинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүүдө. Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон.
Руханий лидер менен коштошуу иш-чаралары 4–6-июль күндөрү Тегерандагы «Мосалла» комплексинде өтөт. 7-июлда аземдер Кум шаарында улантылып, 8-июлда маркумдун сөөгү Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларына жеткирилет. Андан соң 9-июлда Мешхед шаарында жерге берилет.
Чет мамлекеттердин башчылары, жогорку кызматтагы расмий өкүлдөр жана чет өлкөлүк делегациялар катыша турган негизги мамлекеттик азем 4-июлда Тегеранда өтөрү күтүлүүдө.
Ирандын руханий лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн делегациялар келери айтылууда. Алардын арасында мамлекет башчылары, өкмөт башчылары, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, өкмөттөрдүн атайын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар бар. Ошондой эле Тегеранга дүйнөнүн ар тарабынан саясий, маданий, илимий, диний жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чогулат.
Тажикстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен тажияга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышары белгилүү болду. Бул тууралуу Ирандын Тажикстандагы элчиси Алирезо Хакикиён билдирди.
Өзбекстан
Ал эми Өзбекстандан тажияга Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмоилов жетектеген делегация барат. Бул тууралуу “Дунё” маалымат агенттиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына шилтеме берип кабарлады.
Россия
Зыйнатка Россия тараптан Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев катышарын, Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали ISNA маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Жалалинин айтымында, расмий иш-чарага ошондой эле Россиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы, Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү, орусиялык сунний муфтийлердин тобу жана өлкөнүн бир катар шийит аалымдары да катышат.
Элчи россиялык саясий жана диний ишмерлердин тажияга катышуусу Иран менен Россиянын ортосундагы байланыштардын жана кызматташтыктын терең экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Армения
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышары белгилүү болду. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттарына армян тектүү ирандык депутат Ара Шахвердян билдирген.
Грузия
Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили да Тегерандагы тажияга катышат. Бул маалыматты өлкөнүн президенттик администрациясы ырастаганын ирандык ЖМКлар жазышты.
“Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили Түркия, Азербайжан, Армения жана башка мамлекеттер сыяктуу аймактык өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Иранда аятолла Али Хаменеинин сөөк коюу аземине катышат”, – деп билдирди администрация.
Түркия
Сөөк коюу аземине Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана Тышкы иштер министринин орун басары катышарын ирандын IRIB News агенттиги кабарлады. Зыйнатка Иран-Түркия достук тобунун башчысы баш болгон башка расмий адамдар да катышат.
Азербайжан
Азербайжандан Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жетектеген делегация катышат. Бул тууралуу Ирандын Азербайжандагы элчилигине шилтеме берүү менен ISNA агенттиги жазды.
Пакистан
Пакистандан премьер-министр Шахбаз Шариф жетектеген Пакистандын жогорку даражалуу делегациясы барат. ISNA агенттигинин маалыматы боюнча, премьер-министрди бул сапарда Пакистандын бир катар жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү коштоп барат.
Белгилей кетсек, Иранга бара турган чет өлкөлүк расмий делегациялардын тизмеси дагы толукталып жатат. Аземге катыша турган башка мамлекеттердин өкүлдөрү тууралуу маалыматтар расмий түрдө жарыяланган сайын жаңыланып турат.