Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын командачысы Али Абдоллахи АКШны, Израилди жана алардын өнөктөштөрүн Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземи өтүп жаткан күндөрү өлкөгө каршы кандайдыр бир коркутуу же агрессиялык аракеттерден алыс болууга чакырды.
«Бул улуу сабак боло турган күндөрдө биз Ирандын душмандарына, айрыкча АКШга, Израилге, ошондой эле алардын аймактык жана аймактан тышкаркы өнөктөштөрүнө кандай гана болбосун жаңылыш эсептөөлөрдөн алыс болууну эскертебиз жанга аларды өлкөбүзгө каршы ар кандай коркунуч же агрессия жасалса, Ирандын Куралдуу күчтөрү катуу жана сергитүүчү жооп кайтарарын эске алууга чакырабыз», — деп айтылат Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы жарыялаган билдирүүдө.
Азыркы тапта Иранда аятолла Али Хаменеи менен коштошуу аземдерине карата ири масштабдагы аза күтүү иш-чараларына даярдык жүрүп жатат. Тажияга Тегеранда 6 миллиондон 17 миллионго чейин адамдын келиши күтүлүүдө. Кум шаарында 3–5 миллион, ал эми Мешхедде 3,5–8 миллионго чейин адам чогулушу мүмкүн. Жалпысынан өлкө боюнча катышуучулардын саны 35 миллионго чейин жетиши ыктымал.
Жарыяланган графикке ылайык, Тегерандагы коштошуу аземи жана жаназа жүрүшү 4–6-июль аралыгында өтөт. 7-июлда иш-чара Кум шаарында уюштурулса, 8-июлда Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларында уланат. Ал эми 9-июлда Мешхед шаарында маркумду жерге берүү зыйнаты өтөт.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон. Ал каза болгондон кийин Ирандын жогорку лидери кызматына анын уулу Можтаба Хаменеи шайланган. Ал 28-февралдагы кол салуудан жаракат алып, ошондон бери коомчулук алдына чыга элек.