Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Россиянын Украинадагы аскердик операциясына байланыштуу токтоп калган. Путиндин айтымында, келерки аптада “Газпром” газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Россия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса…

Прочитайте больше

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда акыркы 4-5 күндүн ичинде катуу ысыктан жабыр тарткан 4 миңден ашуун адам ооруканага жаткырылды. Жалпысынан өлкө боюнча жарандардан медициналык тез жардам кызматына 130 миңдей кайрылуу болгон. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги катуу ысык башталган 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта 23421 адамдын ден соолугунун абалы оорлошконун, дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен 4215 адам ооруканага жаткырылганын билдирди. Бул убакыт аралыгында Ташкент шаарында эле медициналык тез жардам кызматына 11 821 чалуу болгон. Шаардагы ооруканаларга 2185 адам түшкөн. Буга чейин Узгидромет шашылыш…

Прочитайте больше

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат. Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу…

Прочитайте больше

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россиянын Газпром компаниясы менен Ирандын Улуттук мунай компаниясы мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты. Документке 19-июлда онлайн азем учурунда Мохсен Хочестемехр жана орусиялык “Газпром” компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов кол коюшту. “Ирандын улуттук мунай компаниясы менен россиялык Газпром компаниясынын ортосунда жалпы суммасы 25 миллиард долларлык стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта. Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай…

Прочитайте больше

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Хизбулланын баш катчысы өзүнүн жылдык «Ашура» сөзүндө Ливан согушту каалабайт, бирок ал татыктуусун ала албаса, сионисттик режимге мунай ресурстарын чыгарып кетүүгө уруксат берилбейт деп билдирди. Аль-Алам  агенттигинин маалыматына ылайык, Ливан “Хезболланын” баш катчысы “Сейд Хасан Насралла” миссионерлер жана аалымдардын катышуусу менен өтүп жаткан жылдык Ашура жыйынында мындай деп баса белгиледи: “Эгер Ливан мунай жана газ ресурстарын казуу укугуна ээ болбосо, сионисттик режим бүтүндөй оккупацияланган Палестинада аны чыгаруусуна жол берилбейт.  “Аль-Ахбар” кабарына ылайык, ал мындай кошумчалаган:…

Прочитайте больше

Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту

Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн кечинде Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Хаменеи менен жолугушту. Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту Fars News агенттигинин саясий тобунун маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин шейшемби күнү (20-июль) кечинде Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Хаменеи менен жолугушту. Белгилей кетсек, Путин ошондой эле Ирандын президенти Саид Эбрахим Реиси менен да жолугушкан.

Прочитайте больше

Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Аптаптан улам Испания менен Португалияда каза болгондордун саны миңден ашты. Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Испания бийлиги өлкөдө катуу ысыктан улам 510 адам каза болгонун, ушул убакка чейин 70 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткенин, бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди. Өткөн аптада Португалияда 47 градуска жеткен ысыктан 659 адам каза…

Прочитайте больше

Казакстанда январь окуяларына катыштыгы бар 545 киши соттолду

Казакстанда январь окуяларына катыштыгы бар 545 киши соттолду

Казакстанда январь окуялары боюнча сотко 429 кылмыш иши жөнөтүлүп, 545 киши соттолду.  Бул тууралуу 18-июлда Башкы прокуратуранын спикери Елдос Килымжанов билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу жана мүлктү жок кылууга байланыштуу оор кылмыш жасаган делген 83 адам эркинен ажыратылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта атайын прокурорлордун өндүрүшүндө “жапырт башаламандык” боюнча 53, “терроризм актысы” боюнча 32 кылмыш иши бар. Камакта 349 адам отурат. Уурдалган курал-жарактардын ичинен эки миңден ашууну азыркыга чейин “кылмышкерлердин колунда”.  Казакстан…

Прочитайте больше

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Тегеранга расмий сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Ирандын президенти Раиси Эрдоганды Тегерандагы Садабад сарайында расмий түрдө тосуп алды. Алгач Түркиянын жана Ирандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эрдоган ардактуу кароол менен учурашып, андан соң эки мамлекеттин башчыларынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды. Андан соң түрк лидери Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушту. Бирок тараптар талкуулаган темалар тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Эрдоган…

Прочитайте больше

Индияда президенттик шайлоо башталды

Индияда президенттик шайлоо башталды

Индиянын парламентинин эки палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан турган тандоочулар коллегиясы 18-июлда жаңы президентке добуш берүүнү баштады. Өлкө башчылыгына эки талапкер ат салышууда. Улуттук-демократиялык альянс мурдагы сенатор Драупади Мурмуну, “Бүткүл Индиялык Тринамул” партиясы экс-министр Яшвант Синханы президенттикке көрсөткөн. Премьер-министр Нарендра Модинин партиясы парламентте жана жергиликтүү кеңештерде көпчүлүк орунду ээлегендиктен, ал сүрөгөн аял талапкер Драупади Мурму шайлоодо утуп чыгат деп күтүлүүдө. Индияда президенттик кызмат формалдуу орун болуп саналат. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары чоң….

Прочитайте больше

Ооганстанда Тажикстан аймагын аткылаган топ кармалды

Ооганстанда Тажикстан аймагын аткылаган топ кармалды

Талибан өкмөтү Ооганстан аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. 16-июлда Талибандын расмий өкүлү Забиулла Муджахиддин “Твиттерде” билдиришинче, талибдердин атайын бөлүгү 15-июлга караган түнү Кундуз провинциясынын Имам Сахиб уездиндеги Канжага айлында харижиттердин (ИМ жоочулары) борборун талкалаган. “Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү өлтүрүлүп, бешөө камакка алынган. Алардын автоунаалары менен курал-жарактары конфискацияланган. Мунун алдында алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракеталар менен аткылаган”, – деп жазды Талибандын расмий өкүлү. Азырынча бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн…

Прочитайте больше

Кыргызстанга Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери келишет

Кыргызстанга Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери келишет

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Жолгушууга Кыргызстандын Президенти  Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат. “Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн…

Прочитайте больше

«Гадир Хум»; Ислам революциясынын жогорку лидери бир катар соттолгондорду кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду.

«Гадир Хум»; Ислам революциясынын жогорку лидери бир катар соттолгондорду кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду.

Ислам революциясынын жогорку лидери бир катар соттолгондорду кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду. Курман айт (курман айт) жана Гадир-Хум майрамдарынын келишине байланыштуу Ислам революциясынын жогорку лидери коомдук жана революциялык соттор, соттор тарабынан соттолгон бир катар адамдарды кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду. Ислам революциясынын жогорку лидеринин кеңсесинин сайтынын маалыматына караганда, Ирандын сот бийлигинин башчысы Хужатул-Ислам валь-Муслимин Голам-Хусейн Мохсени-Эжей Ислам революциясынын жогорку лидери аятоллага жазган катында. Хаменеи ырайым кылуу иштери кечирим берүү комиссиясында каралып, жарамдуу деп…

Прочитайте больше

Хашоггинин өлтүрүлүшү; Бенсалмандын баш тартуусу жана Байдендин жактоосу

Хашоггинин өлтүрүлүшү; Бенсалмандын баш тартуусу жана Байдендин жактоосу

 Жамал Хашоггинин коркунучтуу өлтүрүлүшү үчүн аны изоляциялоону убада кылган Сауд Арабияга сапары учурунда Байден Саудиянын мураскор ханзаадасы менен жолуккандан кийинки билдирүүсүндө ал киши Хашоггини өлтүрүүгө тиешеси жок экенин айткан. Fars News Agency International Group агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын президенти Жо Байден Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жылмайып, кол алышып учурашкандан кийин Жиддадагы маалымат жыйынында саудиялык оппозициячыл журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча маселе ЦРУ бен Салмандын ырастаганын тастыктаганын айтты. Хашоггинин өлтүрүлүшүнө Салмандын катыштыгы бар,…

Прочитайте больше

Израиль Газага абадан кол салды

Израиль Газага абадан кол салды

Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы  ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди. Израилдин аскердик учактарынын Газанын түштүк  –  батышында Хамаска таандык бир жерди аткылагандыгы белгиленди.  Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы  ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди.  Кол салуунун түнү Газадан Израилге учурулган ракеталарга жооп катары ишке ашырылгандыгы, бутага алынган жердин Газадагы ракета чыгаруучу жерлердин эң чоңу экендиги тууралуу маалымат берилди.  Кол салуудан улам аймакта катуу жарылуу…

Прочитайте больше
1 83 84 85 86 87 204