Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБтин жыйыны онлайн режиминде өтөт

Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБтин жыйыны онлайн режиминде өтөт

27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция режиминде өтөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович Беларус Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 26-майда өтө турган биринчи Евразиялык экономикалык форумга да Биримдиктин мамлекет башчылары видеоконференция аркылуу катышат. Саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар. «Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле чечим кабыл алынып, мамлекет башчылары форумга жана Кеңештин жыйынына видеоконференция байланыш аркылуу катыша турган болду»,…

Прочитайте больше

Немис канцлери Украина Евробиримдикке шашылыш киргизилбей турганын айтты

Немис канцлери Украина Евробиримдикке шашылыш киргизилбей турганын айтты

Европа Биримдигиндеги мүчө өлкөлөрдүн бири – Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина уюмга шашылыш кошулбай турганын жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал 19-майда Бундестагда сүйлөп жатып айтты. “Евробиримдикке кирүүдө кыска жолдор жок. Мындай кылсак, анда Батышта Балкандагы алты өлкөгө карата калыстык болбой калат. Алар көп жылдан бери уюмга кирүү үчүн ургалдуу реформаларды жасап, даярдык көрүп келет. Биздин аларга берген убадабыз – биздин аброюбуздун маселеси эмес. Өзүбүздүн коопсуздугубуз жөнүндө кеп болуп жатат”,-деди Шольц. Немис канцлери…

Прочитайте больше

Эксперт: Тажикстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кириши мүмкүн

Эксперт: Тажикстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кириши мүмкүн

Эгер Тажикстан Тоолуу Бадахшандагы кырдаалды тышкы террорчулар туруксуздаштырып жатканын далилдесе, анда ал ЖККУдан жардам сурай алат. Башкача айтканда, коңшу өлкөнүн аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЖККУнун аскердик контингенти кириши мүмкүн. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Артур Медетбеков «Вечерний Бишкек» басылмасына билдирди. Анын айтымында, Казакстан мындай кырдаалда ЖККУнун бардык мүчөлөрү үчүн үлгү болуп калды. “Акыркы күндөрү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунан массалык нааразылык акциялары болуп жатканы тууралуу маалымат келип жатат. Ошондуктан ЖККУ Тажикстандагы Эмомали Рахмондун режимин…

Прочитайте больше

Украинадагы аскердик операция Борбор Азияга кандай таасир тийгизет: божомолдор жана чыныгы абал

Украинадагы аскердик операция Борбор Азияга кандай таасир тийгизет: божомолдор жана чыныгы абал

Россиянын Украинадагы аскердик операциясы Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизүүдө жана андан чыгуунун жолдору барбы? Украинадагы аскердик операциянын башталгандыгына үч айга жакындап калды. Эки тарап тең экономикалык, саясый, каржылык жана эң негизгиси адамдык жоготууларга учуроодо. Айрым мамлекеттер Россияны басып алуучулук аракетин жасоодо деп айыптаса, Москва башка көз карашты карманууда: Россия Украинанын НАТОго кошулуусунан жана андан ары бул өлкөдө аскердик жана биологиялык объектилерин жайгаштыруусунун алдын алып, өз коопсуздугун коргоп жаткандыгын айтууда. Бүгүнкү күндө АКШ жана Батыш…

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Европа үчүн кооптуубу?

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Европа үчүн кооптуубу?

Финляндиянын жана Швециянын НАТОго мүчө болушу Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирет. Бул тууралуу Германиянын Jung Welt гезити жазганын lenta.ru маалымдады. Басылманын журналисттери Стокгольм менен Хельсинкинин альянска мүчө болуусу тууралуу чечимди Европа аймагы үчүн “өлүмгө алып келүүчү кадам” деп баалашты. Алар аскердик блоктун кошумча кеңейиши Европадагы коопсуздукту жакшыртпай эле тескерисинче азайтып, масштабдуу куралдуу кагылышуулардын коркунучун күчөтөт деп эсептешет. Алардын айтымына караганда, Орусия Скандинавия мамлекеттеринин НАТОго киришине байланыштуу коркунучта эмес. Кечээ, 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун…

Прочитайте больше

Иран: Украинадагы кризис Москва менен Тегерандын мамилесин буза албайт

Иран: Украинадагы кризис Москва менен Тегерандын мамилесин буза албайт

Украинадагы кырдаал Орусия менен Ирандын ортосундагы стратегиялык мамилелерди буза албайт. Мындай пикирди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирди. “Иран менен Орусиянын мамилеси стратегиялык жана биз эч кандай маселенин бул мамилени бузушуна жол бербейбиз. Биз согушту жана бул аймактын жана ал жактын элдери тарткан зыянды токтотуу үчүн Москва менен болгон стратегиялык мамилелерибизди жана Киев менен болгон жакшы мамилебизди колдонууга аракет кылабыз”, – деди Иран ТИМнин рамий өкүлү. Буга чейин, Ирандын Орусиядагы элчиси Казем…

Прочитайте больше

«Убара болушпасын». Эмне үчүн Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы?

«Убара болушпасын». Эмне үчүн Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы?

“Түркияга каршы санкция киргизгендердин НАТОго киришине “макул” деп айтпайбыз”, – деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда билдирген. Түрк лидери Анкарада алжирдик кесиптеши Абделмажид Теббун менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Финляндия менен Швециянын террордук уюмдарды колдогону жана Түркияга каршы киргизген санкциялары үчүн НАТОго кирүүсүн колдобой турганын айткан. Эрдоган бул мамлекеттердин бири дагы террордук уюмдарга карата так позициясы жок экенин баса белгилеген….

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн расмий арыз тапшырды

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн расмий арыз тапшырды

Бүгүн 18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк атлантикалык союзга кирүү үчүн расмий арыз тапшырышты. Столтенберг НАТО алардын уюмга кирүүсү тездетилген тартип менен өтөрүнө үмүт артарын билдирди. Швеция менен Финляндия бейтарап макамынан баш тартып, Орусия Украинага кол салгандан кийин НАТОго кошулууну чечишти. Бул өлкөлөрдүн арызын НАТО Кеңеши карап чыгат, андан соң Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүн уюмга мүчө 30 өлкө ратификациялоого тийиш. Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп…

Прочитайте больше

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-майда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Душанбеге 11-май күнү кечинде эле келген. Жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышат. «Ховар» маалымат агенттиги жыйындын катышуучулары КМШ алкагында кызматташуунун келечектерин талкуулап, эл аралык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Жыйында Украинадагы абал талкууланат. Орусия ТИМи Сергей…

Прочитайте больше

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салды

Япония 20-майдан тарта кванттык компьютерлер, 3D принтерлер, электрондук микроскоптор жана башка жабдуулар сыяктуу жогорку технологиялуу товарларды Орусияга экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Товарлардын тизмеси Япония өкмөтүнүн чечимине ылайык, өлкөнүн экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин сайтына жарыяланган. “Украинанын айланасындагы эл аралык кырдаалга байланыштуу биздин өлкө бул көйгөйдү чечүү үчүн дүйнөлүк тынчтык үчүн эл аралык аракеттерге салым кошууда жана өкмөттүн 10-майдагы чечимине ылайык, Орусияга жогорку технологиялык товарларды экспорттоого тыюу салууну киргизүүдө. Бул чектөөлөр…

Прочитайте больше

Израил кайрадан Сирияга сокку урду

Израил кайрадан Сирияга сокку урду

Израил Сириянын түндүк-батышындагы Эль-Кунейтра провинциясындагы Хадер аймагына кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сириянын SANA мамлекеттик агенттигине шилтеме берип жазышты. Маалыматка караганда, кол салуудан жабыркагандар жана курман болгондор жок. “Израиль Эль-Кунейтранын түндүгүндөгү Хадер аймагынын чет жакасына ракеталык чабуул жасады. Материалдык жактан гана зыян болду”, – деп жазылат маалыматта. Буга чейин, акыркы жолу апрель айынын ортосунда Израил Сириянын борбору Дамасктын чет жакаларына абадан чабуул жасаганын, бир катар объектилер аткыланганын SANA агенттиги кабарлаган. Кол салуу Голан…

Прочитайте больше

АКШ Конгресси Украинага ири суммада жардам берүү мыйзамын жактырды

АКШ Конгресси Украинага ири суммада жардам берүү мыйзамын жактырды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага рекорддук суммадагы кошумча жардам пакетин бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Маалыматка караганда, Америка Украинага аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам берүү үчүн 40 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Бул кошумча каржылоо боюнча кайрылууну Конгресске АКШнын президенти Жо Байден жөнөткөн. Демилгени 368 конгрессмен колдоп, 57си каршы добуш берди. Мыйзам долбоору эми Конгресстин Сенатына жөнөтүлөт. Эгер жактырылса, документ Байденге кол коюуга берилет. Аталган сумманын 15 миллиард долларга жакынына украин армиясына курал-жарак жана…

Прочитайте больше

Боррел Орусиянын валюта резервин Украинаны кайра курууга жумшоону эп көрөт

Боррел Орусиянын валюта резервин Украинаны кайра курууга жумшоону эп көрөт

Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелл Financial Times гезитине берген интервьюда Орусиянын валюталык резервин Украинаны калыбына келтирүүгө жумшоо караштырылууга тийиш деп билдирди. “Мындай кадам логикага сыят, – деп түшүндүрдү. Дипломат мисал катары АКШнын Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин камакка алууга байланышкан кырдаалды келтирди. Миллиарддаган доллар терроризмдин курмандыктарына компенсация төлөөгө, оогандарга гуманитардык жардам берүүгө сарпталуу үчүн Вашингтондун көзөмөлүнө алынган. Гезит жазгандай, Еврошаркет бул багытта азырынча аракет көрө элек, Брюссель конкреттүү планды сунуш кылган жок. Буга чейин АКШ…

Прочитайте больше

Эхуд Барактын сионисттик режимдин жакын арада жок болушуна тынчсыздануусу

Эхуд Барактын сионисттик режимдин жакын арада жок болушуна тынчсыздануусу

Израилдин мурдагы премьер-министри өлкөнүн мурдагы сионисттик өкмөттөрү сыяктуу эле Израиль сегизинчи он жылдыкта жок кылынышынан тынчсызданып жатканын билдирди. Fars News агенттигинин Эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Барак ивритиялык Yedioth Ahronoth гезитине берген маегинде режимдин жок кылынышына тынчсызданып жатканын айтып, тарыхта бир дагы жөөт өкмөтү 80 жылдан ашык жашаган эмес деп билдирди. «Иудаизмдин бүткүл тарыхында жөөттөрдүн башкаруусу эки мезгилди кошпогондо, 80 жылдан ашкан жок, алар Дөөт падышанын жана Хашимиттердин доорунда жашашкан», –…

Прочитайте больше

Россия Япон деңизинде ракеталык коргонуу системасын сынады

Россия Япон деңизинде ракеталык коргонуу системасын сынады

Россиянын Тынч океан флотуна караштуу Корветт үлгүсүндөгү аскердик  кемеден «Ответ» системасы менен учурулган ракетанын суу астындагы белгиленген бутаны так атканы белгиленди. Россиянын коргоо министрлиги суу түбүндөгү кемеде ракеталык коргонуу системасынын Япон деңизиндеги сыноодон ийгиликтүү өткөндүгүн жарыялады. Украинага карата кол салууларынан улам  санкция салуулардан кийин Россия  –  Япония карым  – катнаштары чыңалууга кирип, Москвадан аймакта чыңалууну күчөтө турган бир кадам ташталды. Россиянын Тынч океан флотуна караштуу Корветт үлгүсүндөгү аскердик кемеден «Ответ» системасы менен учурулган ракетанын суу астында белгиленген бутаны так…

Прочитайте больше
1 9 10 11 12 13 36