Арменияда 10 миң адам Н. Пашиняндын отставкасын талап кылууда

Арменияда 10 миң адам Н. Пашиняндын отставкасын талап кылууда

Ереванда миңдеген киши парламент менен ТИМ имаратын курчап алды. Армениянын баш калаасы Ереван шаарында өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жаткан 10 миңге жакын адам Улуттук жыйындын (парламент) имаратына кирүүгө аракет кылды. “Азаттыктын” армян кызматы күбөлөргө таянып, чогулгандар парламент имаратын курчап турган полиция кызматкерлери менен кагылышканын кабарлады. Андан соң акция катышуучулары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине барып, анын имаратын курчап алышты. Митинг катышуучуларынын бири имараттын ичине кирип, Тоолуу Карабактын желегин илип коюуга үлгүргөн. Көп өтпөй полиция кызматкерлери…

Прочитайте больше

Хания: Палестина эли баскынчылардын кол салууларына эч качан унчукпай койбойт

Хания: Палестина эли баскынчылардын кол салууларына эч качан унчукпай койбойт

Хамастын саясий бюросунун башчысы Палестина эли баскынчылардын ыйык жерлерине жана Аль-Акса мечитине жасаган кол салууларына эч качан унчукпай койбой турганын баса белгиледи. Палестинанын Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын (Хамас) саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания бейшемби күнү Тель-Авивдин жанындагы Аль-Аад шаарында шейиттик операциядан кийин өлтүрүлгөн 3 израилдик жана дагы алты киши жаракат алганына карата мындай деди: Ал-Акса мечити чыныгы кызыл сызык, аны сүйлөшүүгө болбойт жана экиге бөлүүгө болбойт, ал жалаң исламий мечит жана тарыхый жана биздин элибизге…

Прочитайте больше

Кытай жерди байкоо спутниктерин учурду

Кытай жерди байкоо спутниктерин учурду

Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду. Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду.  Синьхуа агенттигинин кабарына караганда  бир Jilin-1 Kuanfu 01C менен 7 даана Jilin-1 Gaofen 03D  спутниги Long March 2D ракетасы менен Шанши провинциясындагы  Тайюань спутник борборунан учурулду.  Спутниктердин пландалган орбитага  жеткендиги белдирилди.  Бул учуруу ” Long March” ракеталары менен 418- ийгиликтүү космостук миссиясы болду. Спутниктер жерди көзөмөлдөө, шаар куруу жана табигый…

Прочитайте больше

Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири

Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири

Москванын Украинага бастырып кириши Бээжин үчүн да өзгөчө окуя – Шанхай кызматташтык уюмунан тартып, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азиядагы экономикалык мамилелерге чейин мунун таасири чоң болчудай. 2022-жыл башталган күнү Чжан Мин Кытайдын Европа Шериктештигиндеги элчилик кызматынан кетип, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы болуп дайындалды. Борбордук жана Түштүк Азияда ал убакта жагдай такыр башкача болчу. Талибдер Ооганстандагы бийликти августта эле колго алып, өлкөнү толук көзөмөлдөп калган эле. Бирок 2022-жылдагы бир нече орчундуу окуя күтүүсүз болуп,…

Прочитайте больше

Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алууну пландаштырууда

Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алууну пландаштырууда

Европа Биримдиги Орусиянын газынын импортун кескин азайтып, африкалык өлкөлөрдөн көгүлтүр отун сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg Европа Комиссиясындагы булактарына таянуу менен жазды. Басылма билдиргендей, сырткы энергетикалык карым-катыш жөнүндө документ марттын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн. Анда биримдиктеги өлкөлөр 2022-жылдын аягына чейин энергетикалык жактан Москвадан көз карандысыздыгын кескин кыскартуу планын койду. Ушул эле документте Африкадагы Нигерия, Сенегал жана Ангола сыяктуу мамлекеттер суюлтулган газдын иштетилбеген потенциалына ээ экени көрсөтүлөт. Евробиримдик Орусиядан газ кууру аркылуу…

Прочитайте больше

УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

Тажикстан түркиялык компаниялардан “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес. Мындай маалыматты КРнын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, Тажикстан “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес. Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат. “Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун…

Прочитайте больше

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Финляндия жана Швеция НАТОго кошулууну чечсе, аларды тез кабыл алса болот. Бул тууралуу бейшембиде аскердик блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсола менен биргелешкен пресс-конференцияда билдирди. “Финляндия жана Швеция НАТОго жакын, биз биргелешип иш алып барабыз, кызматташабыз, чогу машыгуу жүргүзөбүз. Аларды альянска чакыруу чечимин кабыл алсак, Финляндия менен Швециянын коопсуздугу биз үчүн маанилүү деген саясий ишарат кылган болобуз”. Скандинавиялык эки өлкө тиешелүү арызды тапшырса, 30 мүчө-мамлекет макулдугун берип, ратификациялоого тийиш болот. Финляндия…

Прочитайте больше

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи. Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты. Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун,…

Прочитайте больше

Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жеңип чыкты. Ал президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, ашкере оңчул саясатчы  Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңди жана дагы беш жыл бою Евробиримдиктин экинчи ири өлкөсүн башкарып калат. Маалыматка караганда, добуштар 100% саналгандан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добушка ээ болгон. Бирок, алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы…

Прочитайте больше

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – палестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү белгиленет. Аль-Кудус жана Палестина маселеси мусулман дүйнөсү ХХ кылымдын экинчи жарымында да, XXI кылымдын алгачкы жыйырманчы жылында да чече албаган маселелердин бири бойдон калууда. Эмне үчүн бул көйгөй дагы деле чечилбей келет? Бул туурасында «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысы орусиялык саясат таануучу, Орусиянын  Улуттук стратегия институтунун эксперти Раис Сулейманов менен маек курду. Белгилей кетсек, Аль-Кудус күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хоменейи тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күнү Иранда жана…

Прочитайте больше

Орусиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияны аяктоо шартын атады

Орусиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияны аяктоо шартын атады

Украинадагы атайын операция Киевдин НАТО тарабынан башкарылуу коркунучу жоюлганда аяктайт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук ТАСС агенттигине берген маегинде айтты. “Атайын аскердик операция анын милдеттери аткарылгандан кийин аяктайт. Анын ичнде Донбасстын карапайым калкын коргоо, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, ошондой эле НАТО өлкөлөрү тарабынан анын башкарылып жатканына байланыштуу Украинанын аймагынан Орусияга келип жаткан коркунучтарды жок кылуу максаты бар”, – деди Полищук. Ошондой эле ал, атайын операция план боюнча жүрүп жатканын…

Прочитайте больше

Япония Украинага учкучсуз учактарды жеткирет

Япония Украинага учкучсуз учактарды жеткирет

Япониянын бийлиги Украинага учкучсуз учактарды ошондой эле химиялык заттардан коргоочу атайын кийим жана беткаптар түрүндө кошумча жардам берүүгө ниеттенип жатат. “Украина өкмөтүнүн жаңы өтүнүчүнүн негизинде бул өлкөгө химиялык заттардан коргоочу костюмдарды жана беткаптарды, ошондой эле учкучсуз учуучу учактарды жөнөтүү чечими кабыл алынды. Япониянын Коргоо министрлиги жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү Украинага мүмкүн болгон максималдуу колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө”, – деп айтылат Япониянын Коргоо министрлигинин пресс-релизинде. Март айында Япония Украинага ок өтпөс жилеттер, шлемдер, жылуу кийимдер, чатырлар, гигиеналык…

Прочитайте больше

Лавров: Орусия Украинадагы операциянын жаңы фазасын баштады

Лавров: Орусия Украинадагы операциянын жаңы фазасын баштады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус армиясы Украинадагы “аскердик операциясынын” кийинки фазасын баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу 19-апрелде India Today телеканалына курган маегинде айтканын Орусиянын мамлекеттик TASS жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Лавров Орусиянын “операциясы” орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына же Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орнотконго чейин уланарын белгилеген. Дүйшөмбүнүн кечинде украин президенти Владимир Зеленский да “Донбасс үчүн кармаш” башталганын, орус армиясынын ири бөлүгү бул аймактагы чабуулдарга тартылганын айткан болчу. Өздөрүн «Донецк…

Прочитайте больше

Орусия Бельгия менен Нидерланддын дипломаттарын өлкөдөн чыгарат

Орусия Бельгия менен Нидерланддын дипломаттарын өлкөдөн чыгарат

Орусия Европа Биримдигине мүчө эки өлкөнүн 36 дипломатын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 19-апрелде билдиргендей, Москва Бельгиянын 21, Нидерланддын 15 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардан эки жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. Мындай чара бул өлкөлөрдүн Украинадагы согушка байланыштуу орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарганына жооп катары кабыл алынды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Люксембургдун Москвадагы элчисин да чакыртып, ага орус дипломаттарын көрүлүп жаткан чараларга жооп берилерин эскертти. Орусия…

Прочитайте больше

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келери күтүлүүдө

Шавкат Мирзиёев май айында Кыргызстанга келет. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев май айынын аягында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен жолушугуу учурунда маалым болду. Жапаров жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү –эки өлкө ортосундагы кызматташуунун бардык багыттарын жаңы баскычка көтөрөт деген ишенимин билдирди. Президент Өзбекстан өлкөнүн маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин тастыктады. Өз кезегинде Сардор Умурзаков Садыр Жапаровго Бишкекке Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен келгенин, сапардын максаты Өзбекстан президентинин сапарына даярдык көрүү экенин айтты. Өзбекстандык аткаминер Ташкент жакын коңшулук,…

Прочитайте больше
1 10 11 12 13 14 36