Франция Арменияга абадан коргонуу системасын берет

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну расмий сапар менен барган Армениянын борбор шаары Ереванда премьер-министр Никол Пашинян жана Армениянын коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту.

Франция Арменияга кыска, орто жана алыс аралыкка атуучу абадан коргонуу системаларын берет.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну расмий сапар менен барган Армениянын борбор шаары Ереванда премьер-министр Никол Пашинян жана Армениянын коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту.

Армения өкмөтүнүн YouTube баракчасында түз эфирде көрсөтүлгөн жолугушууда премьер-министр Пашинян Франция менен коргонуу тармагындагы кызматташтык мамилелерине токтолду.

Пашинян, Лекорнунун сапарынын  Франциянын коргоо министринин биринчи сапары болгонун жана Франциянын Армениянын коргонуу жана коопсуздук тармагындагы багыттарын диверсификациялоо чечиминин алкагында оң жооп берген алгачкы өлкөлөрдөн болгонун белгиледи.

Тараптар  армян армиясын реформалоо, аскердик даярдык жана башка тармактарда Армения-Франция кызматташтыгын талкуулашты.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда Франциянын министри Лекорну менен коргоо министри Папикян да жолугушту. 

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуусу талкууланып, коргонуу жана коопсуздук тармагындагы келишимдерге кол коюлду.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында армян министри Франция менен кызматташуунун башка өлкөгө багытталбагандыгын, Россия   жана башка өнөктөштөрдүн бул маселеге сый көрсөтүүсү керектигин жактап : «Биздин Франция менен да, Иран менен да кызматташууга укугубуз бар. Муну баары билиши керек.Француз өнөктөштөрүбүз менен (Иран) кызматташуубузга сый көрсөтүүдө, иарндык өнөктөштөр да бул кызматташууга сый көрсөтүүдө”.- деди.  

Франциянын коргоо министри Лекорну  сөзүндө Арменияга кандай кошумча курал жана ок – дарылардын бериле тургандыгы тууралуу кеңири маалымат бербестен : «Абадан коргонуу системаларына келсек, Арменияга керек болсо, кыска, орто жана алы аралыкка атуучу   ракеталар берилет»,- деди. 

Француз министри өлкөсүнүн аскердик окуу жайларында армян аскер курсанттарына, офицерлерге жана сержанттарга билим берилерин,  француз куралдары  тууралуу машытыруулардын да  Франция тарабынан жүргүзүлөрүн билдирди.

Франция менен Армениянын ортосунда курал сатуу жана аскердик жардам боюнча келишимге 2023-жылдын октябрында кол коюлган.

Комментарий жиберүү