Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесинин көп жерлерине кол салды

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль күчтөрү түнү бою абадан, кургактыктан жана деңизден түрдүү чекиттерге, өзгөчө Газа шаарынын борборун, Хан Юнус жана Бейт Лахияны катуу бомбалады.

Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесинин көп жерлерине кол салып, ондогон палестиналыкты өлтүрдү жана көп сандаган кишини да жаралады.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль күчтөрү түнү бою абадан, кургактыктан жана деңизден түрдүү чекиттерге, өзгөчө Газа шаарынын борборун, Хан Юнус жана Бейт Лахияны катуу бомбалады.

Газа тилкесиндеги Аль-Шати качкындар лагерине түнү бою абадан сокку урулду. Кол салууларда көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин 142 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин акыркы 24 саатта 86 палестиналыкты өлтүргөнү, жалпы каза болгондордун 29 миң 692ге жеткени белгиленди.

Акыркы кол салууларда 131 палестиналык жараланып, жалпы жаралуулардын саны 69 миң 879га жеткени белгиленди.

Урандылардын астында дагы миңдеген набыт болгондор бар экени билдирилгени менен, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Комментарий жиберүү