Генерал Каани: Сионисттик режимди жок кылуу операциясы тездетилет

Генерал Каани: Сионисттик режимди жок кылуу операциясы тездетилет

ИИРдин Кудс күчтөрүнүн командири сионисттик режимге каршы согушуп жаткандарды колдой турганын айтып, мындай деп кошумчалады: Сионисттик режимди жок кылуу иши тездетилет. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын “Кудс” күчтөрүнүн командачысы генерал Исмаил Каани, Кудс күчтөрүнүн мураскери генерал Хижазинин шейит болушунун бир жылдыгында карата мындай деди: генерал Хижази – Ислам түзүмүнүн көрүнүктүү шейиттеринин бири. ИИРдин Кудс күчтөрүнүн командири, ыйык Рамазан айында шейит болгон палестиналык шейиттердин жаркын элесине арнап: «Палестиналык шейиттер Ислам баалуулуктары жана Палестинанын…

Прочитайте больше

Финляндия жана Швеция НАТОго кирүү аракеттерин баштайт

Финляндия жана Швеция НАТОго кирүү аракеттерин баштайт

Финляндиянын премьер-министри Хелсинки «жакынкы жумаларда» НАТОго кошулуу багытында кадам ташташы мүмкүн экенин билдирди. Санна Марин жараян «жакынкы арада» башталарын 13-апрелде Стокгольмдогу басма сөз жыйында билдирди. Швециянын өкмөт башчысы Магдалена Андерссон Орусиянын Украинага басып киришинен кийин анын өлкөсүндө да ири саясий өзгөрүү күтүлүп жатканын, азыркы коопсуздук кырдаал талкууланарын белгиледи. Буга чейин Швеция дагы аскердик блокко кирүүнү караштырып жатканы кабарланган. Сөз болгон мамлекеттердин НАТОго кошулуусу менен Европадагы коопсуздук картасы олуттуу өзгөрмөкчү. Бул ошондой эле Орусиянын баскынчылыгы европалыктарды…

Прочитайте больше

Байден АКШда баалардын көтөрүлүшүнө Орусияны айыптады

Байден АКШда баалардын көтөрүлүшүнө Орусияны айыптады

Март айында АКШда баалардын кескин көтөрүлүшүнө Орусия күнөөлүү. Мындай пикирди Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден билдирди. “Биз инфляция боюнча бүгүнкү маалыматтарды көрдүк – март айында баанын 70% өсүшүнө Путиндин демилгеси менен бензиндин баасынын көтөрүлүшү себеп болду”, – деди АКШ президенти. Ал ошондой эле Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы дүйнө жүзү боюнча газ жана азык-түлүктүн кымбатташына алып келгенин айтты. АКШнын лидери кырдаалды өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын, баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган жарлыктарды чыгарганын кошумчалады. АКШнын…

Прочитайте больше

Сейид Хасан Насралла: Палестина эли жеңилбес; Америка ар дайым агрессордун колдоочусу

Сейид Хасан Насралла: Палестина эли жеңилбес; Америка ар дайым агрессордун колдоочусу

Ливандагы Хизбуллахтын баш катчысы дүйшөмбү күнү кечинде сөз сүйлөп, Ливандагы жана аймактагы акыркы окуяларды карап чыгып, Палестина элинин күрөшүн жоготпой турганын баса белгиледи. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Ливандагы Хезболла уюмунун баш катчысы Сейед Хасан Насралла бүгүн кечинде сөз сүйлөп, Ливандагы жана аймактагы акыркы окуяларга сереп салды. Сөзүнүн башында Хизболланын баш катчысы Палестина маселесине токтолуп, «Бардык урмат менен биз палестиналык жаштардын, аялдардын, балдардын жана эркектердин, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эрдигин, палестиналык шейиттер жана…

Прочитайте больше

Германияда Россияга салынган санкциялар натыйжасыз болуп жаткандыгын айтышууда

Германияда Россияга салынган санкциялар натыйжасыз болуп жаткандыгын айтышууда

Leuchtstoffwerk Breitungen ишканасынын жетекчиси Россияга салынган санкциялар максатсыз жана натыйжасыз деп атады. Германиянын Leuchtstoffwerk Breitungen химиялык ишканасынын жетекчиси  Вольфганг Айзенберг  Frankfurter Allgemeine Zeitung газетасына курган маегинде көпчүлүк мамлекеттер кошулбагандыктан, Россияга салынган санкциялар натыйжасыз экендигин айтты. Ал ошондой эле Россиянын газына киргизилген эмбарго да максатына жетпей тургандыгын жашырган жок. Себеби бул кадам да Украинадагы атайын аскердик операцияга таасир этпейт. Себеби дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттер санкцияга катышкан жок. Ал тургай Индия мунайды дисконттук баада ала тургандыгына ыраазы…

Прочитайте больше

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?

Орусия куралдуу күчтөрүн Украинанын чыгышына топтоону улантууда. Киев алар Донбасста катуу чабуулга даярданып жатканын айтып келатат. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский каршы тарап Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн деп билдирди. Ал эми Орусия бул мааалыматты четке какты. Мариуполдун мэри Вадим Бойченко Ассошиейтед Пресске билдиргендей, шаардагы 10 миңден ашуун карапайым киши өмүр менен кош айтышты, “көчөлөрдө каршы терши сулаган сөөктөр жатат”. Каза тапкан жай тургундардын саны тууралуу маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес. Порт…

Прочитайте больше

Ирандык эксперт: АКШ саясий таасирин жоготкондуктан Украинага жардам берген жок

Ирандык эксперт: АКШ саясий таасирин жоготкондуктан Украинага жардам берген жок

АКШ Украинанын президенти Владимир Зеленскийге өзүнүн саясий таасиринин төмөндөшүнөн улам Орусиянын атайын операциясына каршы турууга жардам бере албайт. Бул туурасында ирандык саясат таануучу Сэмане Экван “Kayhan” гезитинин колонкасына жазган макаласында билдиргенин РИА Новости жазды. Эксперттин айтымында, Вашингтон кансыз согуш аяктагандан кийин бир уюлдуу дүйнөдө үстөмдүк кылуучу күч катары өзүнө алган ролун аткара алган жок. Бул АКШнын эл аралык иштерде, анын ичинде Европада да позицияларынын начарлашына алып келди. Экван бул боюнча мисал келтирип, Украина президенти Владимир Зеленский америкалыктарга, НАТОго жана…

Прочитайте больше

Нетаньяху Нафтали Беннетке: Силер Иранга каршы алсызсыңар

Нетаньяху Нафтали Беннетке: Силер Иранга каршы алсызсыңар

Нааразылык акциясында Израилдин премьер-министри азыркы өкмөт башчыны Иранга каршы алсыздыгын көрсөтүп жатат деп сынга алды. Fars агенттигинин эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, сионисттик режимдин мурдагы премьер-министри жана бул режимдин кабинетиндеги оппозициянын лидери “Бенямин Нетаньяху” “Нафтали Беннетти” Иранга каршы алсыздык көрсөтүүсү үчүн сындады. Белгилей кетсек, Иерусалимде оңчул саясий партиялардын жана уюмдардын лидерлери нааразылык акциясына чыгышты.Кээ бир демонстранттар Нетаньяхунун сүрөтү чегилген плакаттарды кармап алышкан. Биньямин Нетаньяху: «Биз бул өкмөткө бир нерсени айтуу үчүн келдик. Сиз Израилдин жөөттүк…

Прочитайте больше

Аскердик талдоочу Буча шаарынын тургундарынын өлүмүнө украин аскерлерин айыптады

Аскердик талдоочу Буча шаарынын тургундарынын өлүмүнө украин аскерлерин айыптады

Украинанын Буча шаарындагы карапайым адамдар украин аскерлеринин колунан өлгөнүн АКШнын аскердик талдоочусу, БУУнун Ирактагы курал-жарак боюнча мурдагы инспектору Скотт Риттер жар салды. Бул тууралуу ал Украинадагы окуялар боюнча өткөн вебинарда билдирди. Эксперт Бучада белгилүү бир убакыт болгон Орусиянын армиясынын жергиликтүү калк менен жакшы мамиледе болгондугу жөнүндөгү орус аскерлеринин билдирүүлөрүн келтирди. Ал белгилегендей, орусиялык аскер кызматкерлери ал тургай жергиликтүү тургундар менен бартер (товар алмашуу) уюштуруп, өздөрүнүн кургак аызктарын тамак-ашка алмаштырышкан. Ал ошондой эле Бучадан тартылган видеодон…

Прочитайте больше

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке катышуусун токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Резолюцияга Сербия жана Израиль баш болуп 93 мамлекет “макул” деп добуш беришсе, 24 өлкө каршы болушту. Алар: Алжир, Беларусь Республикасы, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго Республикасы, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам жана Зимбабве. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган. Документтин долбоору Батыш…

Прочитайте больше

Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды

Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды

Европарламент Европа кеңешин Орусияга кошумча санкция салууга чакырды. Тиешелүү резолюция 7-апрелде кабыл алынды. Депутаттар Орусиядан газ, мунай, көмүр жана өзөктүк отун алууга эмбарго киргизүүнү жактайт. Deutsche Welle жазгандай, бул документти Европа парламентинин 513 депутаты колдоп, 22си каршы добуш берди, 19у калыс калды. Реолюцияда Украинанын “Буча жана башка шаарларында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн окккупациясы учурундагы зордуктоо, тынч тургундарды соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу, күчкө салып көчүрүү, мародерлук, жарандык инфраструктурага кол салуу, алдын ала макулдашылган гуманитардык коридорлордон…

Прочитайте больше

Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Индонезияда өтүүчү G20 саммитине катышуу маселеси боюнча Кремль иш-чаранын уюштуруучуларынын позициясына карайт. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Орусия президентинин G20 саммитине катышуусу уюштуруучулардын позициясынан көз каранды. Тактап айтканда, Москва саммитке катышуу же катышпоону кырдаалдын өнүгүшүнө жараша чечет. Ошол эле учурда, Песков бул иш-чара “Чоң жыйырманын алкагындагы иштин абдан маанилүү багыты” экенин белгилеп өттү. Буга чейин, АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Индонезияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде америкалык өкүлдөр…

Прочитайте больше

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди. Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат. Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты. Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен. Европа биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан…

Прочитайте больше

Майк Пенс: Байден тарыхтагы эң начар президент

Майк Пенс: Байден тарыхтагы эң начар президент

АКШнын мурдагы вице-президенти Майк Пенс учурдагы президент Жо Байденди АКШнын заманбап тарыхындагы эң начар мамлекет башчысы деп атады. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде билдирген. Анын айтымында, Байден башка президенттерге караганда АКШга көбүрөөк зыян келтирген. Пенс учурда Америка Кошмо Штаттарында тарыхтагы эң оор кризис болуп жатканын, 14 айдын ичинде өлкөдө инфляция акыркы 40 жылдагы эң жогорку чекке жетип, бензиндин баасы 70 пайызга кымбаттаганын баса белгиледи. Мындан тышкары, экс-вице-президент азыркы президенттин администрациясынын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү каталарын жана…

Прочитайте больше

Кытай Орусия менен энергетика тармагындагы соодада рубль же юанга өтүүнү четке какпайт

Кытай Орусия менен энергетика тармагындагы соодада рубль же юанга өтүүнү четке какпайт

Кытай компаниялары Орусия Федерациясы менен соодада өз валюталарын “тең жана өз ара пайдалуу негизде” активдүү колдонууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин ТАСС маалымдады. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пекин Орусия берген энергияны америкалык доллар менен эмес, рубль же юань менен төлөөгө даярбы деген суроого жооп берип жатып, “Эки тараптуу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө рыноктун субъекттери өз муктаждыктарына ылайык валютаны тандай алат”, – деди. “Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү процессинде өзүнүн улуттук акча бирдигин…

Прочитайте больше
1 11 12 13 14 15 36