Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты токтотууга АКШнын чечими

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2017-2021-жылдары бийликте турганда өлкөсү Израилдин Кудс жана Голан дөңсөөлөрүнүн эгемендигин расмий тааныганын жарыялаган.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты 1948-жылдагы чек араларды белгилеген «Жашыл линиядан» тышкары токтотууга буйрук берди.

Израилдин Коомдук телерадио уюму КАНдын кабарына караганда Жо Байден башкаруусу 1948-жылкы араб-Израиль согушунан кийин жарыяланган ок атышпоого ылайык аныкталган чек ара сызыгы «Жашыл сызыктан» тышкары Израиль менен илимий жана технологиялык кызматташтыкты токтотуу чечимин чыгарды.

Бул чечимге ылайык, эки өлкөнүн ортосунда Батыш Шериа  жана Кудс оккупацияланган 1967-жылга чейинки чек аралардын тышында, тактап айтканда, Батыш Шериа, Чыгыш Кудс жана Голан дөңсөөлөрүндөгү чек аралардан башка эки өлкөнүн ортосунда мындай кызматташтык болбойт.

Чечимдин Израилге жана Израиль парламентинин Кнессетине да жеткирилгени белгиленди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин атын атабаган жогорку даражалуу кызматкери: «Бул директива жөн гана Америка Кошмо Штаттарынын көп жылдардагы позициясын чагылдырат»,-деди.

Жооптуу кызматкер:«Азыркы администрация 1967-жылдын 5-июнунан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн райондордун статусу акыры аныктала турган маселе экенин дагы бир жолу ырастады»,-деп айтты.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2017-2021-жылдары бийликте турганда өлкөсү Израилдин Кудс жана Голан дөңсөөлөрүнүн эгемендигин расмий тааныганын жарыялаган.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү 1967-жылы басып алган жерлерге Израиль тарабынан курулган мыйзамсыз конуштарда өндүрүлгөн товарлардын импортуна тыюу салган.

Норвегиянын өкмөтү 2022-жылдын июнь айында Израилдин белгисин Батыш Шериадагы жана Сириянын Голан дөңсөөлөрүндөгү конуштарда өндүрүлгөн товарларга колдонууга болбойт деп жарыялаган.

Израилдин этикеткасынын 1967-жылдын 4-июнуна чейин Израилдин көзөмөлүндөгү аймактардан келген өнүмдөр үчүн гана колдонулушу мүмкүн экени, Израиль басып алган аймактардан келген азык-түлүктөрдүн да товар келген аймак менен маркировкаланышы жана жөөт конушунан экени белгиленши керектиги белгиленди.

Комментарий жиберүү