Трамп НАТО тууралуу билдирүүлөрүн кайталады

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трамп “финансылык милдеттенмелерин аткарбаган НАТО союздаштарына Орусиянын кандайдыр бир кол салуусуна бөгөт койбойм” деген билдирүүсүнө бекем турганын айтты.

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады.

Бул билдирүүлөрүнүн артында турганын баса белгилеген Трамп: «Эгер (НАТО союздаштары) төлөбөсө, биз да аларды коргобойбуз. Түшүндүңөрбү?» деди.

Дем алыш күндөрү Түштүк Каролинада сүйлөгөн сөзүндө Трамп президенттик кызматы учурунда НАТОго каржылык милдеттенмелерин аткарбаган союздаштарга Орусиянын кандайдыр бир кол салуусуна бөгөт койбойм деп коркуткан.

Бул сөздөргө АКШнын президенти Жо Байден жана НАТОго мүчө европалык саясатчылар реакция кылышкан.

Комментарий жиберүү