Мьянмада ай сайын 5 миң киши аскерге алынат

Мьянмадагы аскердик башкаруу жаңы күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызмат мыйзамынын алкагында жыл сайын 60 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынарын жарыялады.

Мьянмадагы аскердик башкаруу жаңы күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызмат мыйзамынын алкагында жыл сайын 60 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынарын жарыялады.

Аскердик башкаруусу  жаңыдан күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызматка байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө мыйзам боюнча  ай сайын  5 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынары белгиленди.

Мьянма аскердик өкмөтүнүн катчысы, генерал – майор Зав Мин Тун Би-Би-Сиге берген билдирүүсүндө биринчи топтун апрель айынын ортосунда салттуу жаңы жыл деп аталган Тингян майрамынан кийин чакырыларын айтты. 

Зав Мин Тун 56 миллион калкы бар өлкөдө болжол менен 14 миллион кишинин, 6,3 миллион эркек жана 7,7 миллион аялдын аскердик кызмат критерийлерине жооп бергенин айтты.

Аялдардын бешинчи топтон тартра аскерге чакырылары күтүлүүдө. 

Өлкөдө  армиядагы тажрыйбалуу кызматкрелер кызматтан  же отставкага кеткенден кийин дагы беш жыл кызмат өтөшүн күткөн «Резервдеги күчтөр мыйзамы» мыйзам да күчүнө кирди, .

Өлкөдөгү жаш аял жана эркектер мажбур түрдө аскердик милдетин аткара турган,   10 –  февралда чыгарылган чечим менен жарыяланган. 

Маалым болгондой, 18 жаштан 35 жашка чейинки эркектер жана 18 жаштан 27 жашка чейинки аялдар 2 жылдан кем эмес аскердик кызмат өтөшү керек.

Өзгөчө учурларда аскер кызматын өтөө мөөнөтү 5 жылга чейин узартылышы мүмкүн экендиги, ал эми мындай көрүнүшкө каршы чыккандар 5 жылга эркинен ажыратылары белгиленген.

Комментарий жиберүү