Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайы өтүп, муфтий болуп Абдулазиз кары Закиров бекитилди

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII-кезексиз курултайы өтттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Курултайдын күн тартибинде өлкөдөгү диний абал, КМДБнын уставына айрым толуктоолорду киргизүү, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу сыяктуу бир катар маселелер каралды. Муну менен катар делегаттар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи кызмат ордуна Абдулазиз кары Закировду бекитишти.
Өлкө аймактарынан келген 213 делегат Аалымдар Кеңешинин, Борбордук текшерүү комиссиясынын жана мурдагы муфтийдин отчёттук маалыматын угуп, мамлекетибизге тынчтык, биримдик жана ынтымак тилеп дуба кылышты.

Закиров Абдулазиз Назирбековичтин өмүр таржымалы

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы “Расул Акрам” ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы “Абу Бакр ас-Сыддык” медресесинин мүдүрү, “Абу Бакр” мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);
2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

 

1 of 9-+

Сыйлыктары:

2005-ж. “Абдулла ибн Аббас” медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;
2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. “Аймак” облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен “Ардактуу Казы” алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.
Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Белгилей кетүүчү жагдай, мурдагы муфтий Замир Ракиев 26-январда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат. Замир Ракиев муфтий болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Замир Ракиев коррупция боюнча жоопко тартылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго ыраазычылык кат бергени, аны муфтияттын жаңы имаратын курууга аралаштырганы сынга кабылган.

Комментарий жиберүү