Садыр Жапаровдун Блинкенге жооп-каты тапшырылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ элчиси Лейсли Вигериге президент Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге даректелген жооп-катын тапшырды.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев катты 9-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алганда тапышрагн. Катта өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жооптор камтылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, буга чейин ЖМКлар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, анда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айтканын жазышкан.

Эске салсак, “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоору былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алынган. 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Комментарий жиберүү