АКШ кайрадан Газадагы ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга бөгөт койду. Эл аралык реакция

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа тилкесинде ​​атышууну тез арада токтотууну талап кылган резолюция долбооруна кайрадан бөгөт койду.

Документтин долбоорун Алжир сунуш кылган.

Резолюцияда тез арада гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну каралган, аны жаңжалга катышкан эки тарап тең сакташы керек. Ошондой эле текстте барымтадагылардын баарын токтоосуз же эч кандай шартсыз  бошотуу жана 2023-жылдын 7-октябрында Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал боюнча кабыл алынган 2712 жана 2720-резолюцияларын аткаруу талабы камтылган.

Резолюцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү кол койсо, Улуу Британия карманып, АКШ бөгөт койду.

Бул Вашингтон бөгөт коюп жаткан Газада ок атышууну токтотууну талап кылган резолюциянын биринчи долбоору эмес. Буга чейин АКШ, атап айтканда, БАЭ, Иордания жана Россиянын резолюция долбоорлорун колдоодон баш тарткан.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалымат боюнча Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери анклавда кеминде 29 313 киши набыт болуп, 69 333 адам жаракат алды. Ошондой эле акыркы 24 саатта 118 адам каза болуп, дагы 163 киши жарадар болгон.

Эл аралык реакция

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана  эл аралык уюмдар АКШнын Газа тилкесиндеги ок атышпоо резолюциясына вето коюу аракетине реакция кылышууда.

Палестина

Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур АКШнын резолюцияга бөгөт коюусу ойлонулбаган жана коркунучтуу кадам экенин билдирди. 

Россия

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ Газада ок атышууну токтотуу боюнча резолюция долбооруна бөгөт коюу менен адамдарга  болгон мамилесин көрсөткөнүн билдирди.

“АКШ ок атышууну токтотуу чакырыгына бөгөт коюуда. Бул алардын бир улуттагы адамдарга эмес, жалпы адамдарга карата мамилеси. Кырдаал барган сайын начарлап баратат”, – деп белгиледи дипломат.

Россия Федерациясынын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя резолюцияга бөгөт коюунун кесепеттери үчүн бардык жоопкерчилик Вашингтонго жүктөлөрүн билдирди. Небензя “Алжирдин долбоору кырдаалды өзгөртүп, Газадагы палестиналыктардын жок кылынышын токтото алмак экенин” белгилеп, бирок АКШнын дагы бир ветосу буга тоскоол болуп, тилкедеги дагы миңдеген жарандарды өлүмгө дуушар кылганын айтты.

Араб лигасы

Араб мамлекеттеринин лигасынын (ЛАС) башкы катчысы Ахмед Абу аль-Гейт  Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууга багытталган резолюцияга добуш берүү учурунда АКШ колдонгон вето укугу Вашингтондун Палестина анклавында согуштук аракеттердин улантылышы учун саясий жоопкерчилигин көрсөтөт деп билдирди.

Анын айтымында, АКШ анклавда ок атышууну токтотууга багытталган резолюциянын кабыл алынышына жол бербөө үчүн үчүнчү жолу кийлигишип жатат.

Талибан

“Талибан” кыймылынын өкүлү Альханафи Вардак АКШны  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына вето койгону үчүн Газадагы геноцидге шериктеш деп атады.

“АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы ок атышпоо резолюциясына үчүнчү жолу вето коюп жатат. Бул аракети менен АКШ адам укуктарына байланышкан өзүнүн жалган ураанын жана Газадагы геноцидге катыштыгын бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү”, – деп жазды ал X (мурдагы Twitter) баракчасына.

Комментарий жиберүү