Түркиянын бешинчи муундагы “Kaan” согуштук учагы биринчи учуусун жасады

Түркиянын бешинчи муундагы “Kaan” согуштук учагы биринчи учуусун ийгиликтүү жасады. Бул тууралуу TRT телеканалына шилтеме берүү менен ТАСС агенттиги жазды.

Учуу сыноолору мурда декабрдын аягына пландалып, бирок жер үстүндөгү сыноолорду өткөрүү зарылдыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Учак Анкарага жакын жердеги Мюртед авиабазасынан учуп, кыска сыноо учуусун аяктагандан кийин базага кайтып келди.

Азырынча өндүрүүчү же бийлик тараптан расмий билдирүү боло элек.

Ошол эле учурда айрым түрк саясатчылары социалдык тармактарда бул жетишкендик менен куттуктап жатышат. Turkish Airlines башкы директору Билал Экши “Каан учту” деп баса белгиледи.

“Kaan” согуштук учагы Түркияда 2017-жылдан бери “Улуттук согуштук учактар ​​программасынын” алкагында Turkish Aerospace Industries компаниясы тарабынан жасалып келет.Анын массалык өндүрүшү 2028-жылы  башталары пландалууда. Түрк бийлиги мурда “Kaan” согуштук учагы тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча америкалык F-35тен ашып, келечекте республиканын аба күчтөрүнө кызмат кылган F-16 согуштук ачактарын алмаштырат деп билдирген.

Өткөн жылдын май айында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бешинчи муундагы улуттук согуштук учактын аты – “Kaan” деп аталганын жарыялаган.

Комментарий жиберүү