«Газада геноцид болуп жатат». Колумбия менен Венесуэланын президенттери Бразилиянын лидеринин айткан сөздөрүн колдоду

Колумбиянын президенти Густаво Петро жана Венесуэланын башчысы Николас Мадуро Бразилиянын лидери Луис Инасио Лула да Силванын Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий аракеттерин “геноцид” деп айткан сөзүнө кошулушту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Мен Бразилиянын президенти Лула (да Силва) менен толук тилектештигимди билдирем. Газада геноцид болуп жатат, миңдеген балдар, аялдар жана карылар өлтүрүлүүдө. Лула жөн гана чындыкты айтты, чындыкты коргоо керек, антпесе жапайычылык бизди жок кылат», — деп жазган Петро X социалдык тармагында.

Ал Палестинадагы зомбулукту токтоосуз токтотуу үчүн бүт аймак биригиши керектигин, Эл аралык соттун Израиль боюнча чечими бардык өлкөлөрдүн дипломатиялык мамилелеринде колдонулушу жана натыйжалары болушу керектигин кошумчалады. 

Ал эми Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израиль өкмөтү палестиналыктарга Гитлер жөөтөргө  кылганды кылып, аларды жок кылып жатат деп билдирди. 

“Гитлер батыштык элиталар тарабынан жаралган конструкция, желмогуз болгон… Президент Лула да Силва айткандай, Израиль өкмөтү палестиналыктарга Гитлер жөөттөргө кылганды кылып жатат: аларды жок кылууда», – деди Мадуро өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланган “Con Maduro+” телепрограммасында.

Президент ошондой эле Газа тилкесинде “адилеттикти калыбына келтирүү” зарылдыгын айтты.

18-февралда Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Газа тилкесинде болуп жаткан окуяларды геноцид деп атап, аны Адольф Гитлердин жөөттөргө жасаган мыкаачылыгы менен салыштырган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху мындай билдирүүнү кызыл сызыктан өтүү деп атаган.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац дүйшөмбү күнү Бразилиянын президентинин билдирүүсүнө байланыштуу Бразилиянын элчисине сөгүш жарыялады. Бул жолугушууда Израилдин министри ошондой эле Бразилиянын президентин персона нон грата деп жарыялады.

Былтыр 29-декабрда Түштүк Африка БУУнун Гаагадагы жогорку сотуна арыз менен кайрылып,  Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

БУУнун Эл аралык соту Түштүк Африканын Израилге каршы арызын карап, 26-январда Израилди Газадагы геноцид аракеттерин алдын алуу жана анклавдагы гуманитардык кырдаалды жакшыртуу үчүн чукул чараларды көрүүгө милдеттендирген.

Израиль Эл аралык соттун геноцид боюнча айыптоосун четке кагып келет.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин соккулары башталгандан бери Газада каза болгондордун саны 28,4 миңден ашты, 68 миңден ашууну жараат алды. Бул анклавда гуманитардык кризиске алып келди.

11-февралдан 12-февралга караган түнү Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштады. Израилдин Коргонуу армиясынын авиасоккуларынан улам анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгон. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлерге Рафахтагы жай тургундарды эвакуациялоого даярдануу көрсөтмөсүн берип, ал жерде кургактан операция баштаганы жатат.

Эл аралык коомчулук бул шаарда аскердик операция катастрофалык кесепеттерге алып келерин эскертүүдө.

Комментарий жиберүү