Израиль Дамаскка кол салды

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка жасаган абадан кол салуусунда  2 киши каза болуп, 1 киши жаракат алды.

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка жасаган абадан кол салуусунда  2 киши каза болуп, 1 киши жаракат алды.

Сириядагы маалымат агенттиги  SANAнын кабарына караганда Израиль күчтөрү Дамасктын Кефесусе аймагындагы бир имаратка абадан кол салды.

Кабарда : «09: 40та Израиль Голан дөңсөөлөрүнөн Дамасктын Кеферсусе аймагындагы бир имаратты ракета менен бутага алды. 2 киши каза болуп,  1 киши жаракат алды»,- деп билдирилди.

Израиль тарабынан кол салууга байланыштуу маалымат берилген жок.

Комментарий жиберүү