“Ирандагы жаратылыш газ кол салуусун Израиль уюштурду”

14 –  февралда Ирандын Чехармахал  –  Бахтияри жана Фарс провинцияларындагы жаратылыш газын бөлүштүрүүчү магистралдык куурлардын  эки пунктунда эртең менен катуу жарылуу болду.

Ирандын мунай министри Жевад Овжи 14 –  февралда жаратылыш газынын негизги бөлүштүрүүчү куурларына жасалган кол салууларды Израилдин уюштургандыгын айтты.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда мунай министри Овжи борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин басма сөзгө берген билдирүүсүндө : “Өлкөнүн газ куурларынын жардырылышы Израиль кутуму жана тоскоолдукка учурады”,- деди. 

Кол салуудан кийин өлкөнүн эч бир жеринде жаратылыш газ үзгүлтүгүнүн болбогондугун белгилеген Овжи көпчүлүгү тоолуу жана жетүүсү кыйын болгон аймактардагы жаратылыш газ куурларынын кыска убакытта оңдолуп кайрадан ишке берилгендигин билдирди. 

14 –  февралда Ирандын Чехармахал  –  Бахтияри жана Фарс провинцияларындагы жаратылыш газын бөлүштүрүүчү магистралдык куурлардын  эки пунктунда эртең менен катуу жарылуу болду.

Американын New York Times гезити 16 – февралда батыштык жетекчилерге жана Иран Төңкөрүш Гвардиясы корпусуна караштуу аскер стратегистке таянып, диверсияны Израиль Ирандын кээ бир аймактарына газ агымын үзгүлтүккө учуратуу үчүн уюштурганын жазды.

Комментарий жиберүү