Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израиль армиясы ХАМАСка каршы аскердик кысым саясатын “толук жеңишке чейин” улантарын өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

Израилдин Рафахтагы операциясы 12-февралга караган түнү болуп, массалык аба соккулары менен коштолуп, анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди.  Израиль Рафахта жүргүзгөн рейд учурунда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди.

Тель-Авив бул аймакта чабуул жасоо операциясына даярдык көрүлүп жатканын өткөн аптада жарыялаган.

ХАМАС Израилдин Рафахка жасаган соккусун палестиналыктарды геноцид кылуунун уландысы деп атады. Палестиналык кыймыл Араб мамлекеттеринин Лигасын, Ислам Кызматташтык Уюмун жана БУУнун Коопсуздук Кеңешин “Израилдин Газадагы карапайым калкка каршы агрессиясын жана геноцидин” токтоосуз токтото турган чараларды көрүүгө чакырды.

Израиль Газа тилкесинде кургактагы операциясын баштагандан кийин, аймактын тургундарынын дээрлик жарымы Рафахка качкан. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Эл аралык коомчулук Израилге Газа тилкесинин калкынын жарымынан көбү топтолгон Рафахтагы операциянын кесепеттери тууралуу эскертип, Газада ансыз да катастрофалык чекке жеткен гуманитардык кырдаалды начарлатышы мүмкүн экенин айтышкан.

Египет израилдик аскерлер Газа тилкесиндеги Египет менен чектеш Рафах шаарына кирип келсе, Тель-Авив менен түзүлгөн тынчтык келишимин токтото турганын Аssociated Press билдирди.

АКШнын президенти Жо Байден Газанын калкынын дээрлик жарымы көчүп барып, баш калкалап турган Рафах шаарында бейкүнөө миллондогон палестиналыктардын коопсуздугун камсыздоочу планы болбосо ал жакта операция жүргүзбөөгө чакырган.

Бирок ага карабай Нетаньяху Рафахка пландалган басып кирүүнү улантуу ниетин билдирип, администрация палестиналык жарандарды Рафахтан эвакуациялоо планын даярдап жатканын билдирди.

Эксперттердин айтымында, качкындар лагерлеринин Рафахка жакындыгын эске алганда, Израилдин армиясынын аракеттери палестиналыктар арасында жаңы курмандыктарга гана алып келбестен, ошондой эле Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатышы мүмкүн. 

Жакынкы Чыгыш боюнча адис, Россиянын Эл аралык иштер кеңешинин эксперти Елена Супонина Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Каир менен мамилесин олуттуу түрдө начарлатарын, атүгүл дипломатиялык мамилелерди үзүүгө чейин жетиши мүмкүн экенин RT агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Египеттин тышкы иштер министрлиги Израилдин операциясына карата өз мамилесин ачык-айкын билдирген билдирүүсүн жарыялады. Каир буга караманча каршы, анткени Израилдин чабуулу палестиналык качкындардын чек арадан массалык түрдө өтүшүнө алып келет. Учурда Египет 1,4 миллион адамды кабыл алууга даяр эмес. Бирок, Нетаньяху буфердик зонаны түзүү пландарынан баш тартпашы мүмкүн. 

“Операция ошондой эле Нетаньяху менен Байдендин администрациясынын ортосундагы пикир келишпестиктерди тереңдетет. Президенттик шайлоонун алдында Ак үй Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ашкере курчуткусу келбейт”, – деди Супонина.

Эксперттин айтымында, Нетаньяху Вашингтондун кыйкырыктарына кулак салбайт. Албетте, Тель-Авивдин мындай жүрүм-туруму союздук мамилелерди үзүүгө алып келбейт. Бул жерде АКШ Жакынкы Чыгышта гана эмес, региондогу союздаштарына да мурдагы таасиринин көлөмүн жоготту деп айтуу туура болот.

Аскердик эксперт Иван Коновалов Рафахтагы операция Израиль үчүн ийгиликсиз аякташы мүмкүн экенин RT агенттигине айтты.

Анын айтымында, ЦАХАЛ Газанын башка аймактарында эч кандай олуттуу ийгиликтерге жетишкен жок. Бул аймактар ​​дагы эле ХАМАСтын көзөмөлүндө. Израиль абадан ракеталык чабуулдарын жасоодо, бирок алар көбүнчө турак жайлардын талкаланышына алып келүүдө. Израиль Рафахты алып, ошону менен ХАМАСты талкалайт деп божомолдоонун эч кандай мааниси жок.

“Израил өз аракеттери менен бир гана кырдаалды курчутуп, Тель-Авивдин аскерий кысымына каршы турууга палестиналыктардын чечкиндүүлүгүн күчөтүүдө. ЦАХАЛга каршы күрөш сөзсүз уланат жана Израилдин жөө аскерлери Рафахка кире турган болсо өздөрүн коопсуз сезе алышпайт”, – деди Коновалов. 

Эксперттин айтымында, Батышта палестиналыктардын тагдырына тынчсыздангандай түр көрсөтүп, Нетаньяхуну артка тартууга аракет кылышууда. Бирок мындай сөздөр таза эки жүздүүлүк. Батыш өлкөлөрүнүн бири да Израилди аскердик кылмыштары үчүн санкция киргизген жок жана кандайдыр бир  кесепеттер менен коркуткан жок.

Ал белгилегендей, Израилдин операциясынын негизги кесепети Рафахтагы жайкын тургундардын массалык өлүмү болмокчу. Нетаньяхунун артыкчылыктуу максаты барымтадагылдарды бошотуу келишими же элдешүү сүйлөшүүлөрү эмес, кыязы, Израилдин премьер-министри Газанын жашоочуларын толугу менен жок кылууну же анклавдан тышкары сүрүп чыгарууну көздөөдө. 

“Бул ырайымсыз саясат Палестина анклавын басып алуу максатында жүргүзүлүүдө жана аны АКШ жетекчилиги колдоп жатканын моюнга алуу керек. Ооба, Нетаньяху менен Байдендин ортосунда пикир келишпестиктер бар. Бирок алар принципиалдуу эмес жана, сыягы, америкалык президент шайлоо алдында АКШнын мусулман коомчулугунун алдында өзүнүн аброюн түшүргүсү келбегендигинен улам келип чыккан”, – деп билдирди Коновалов.

Комментарий жиберүү