Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Газадагы согуш башталгандан бери Израилге дүйнөлүк колдоо көрсөтүү кыйла азайганын Morning Consult компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү.

Сурамжылоо 2023-жылдын октябрынан декабрына чейин 6 континенттеги 43 өлкөдөн алынган 300дөн 6000ге чейин жооптордун негизинде жүргүзүлгөн.

Кытай, Түштүк Африка, Бразилия жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө Израилге карата көпчүлүктүн көз карашы «жагымдуудан» «жагымсызга» өзгөргөн.

Израилге карата буга чейин “терс” көз карашта болгон Япония, Түштүк Корея жана Улуу Британияда да бул өлкөгө колдоо көрсөтүүнүн бир топ азайгандыгы байкалган.

2023-жылдын сентябрына салыштырмалуу акыркы сурамжылоодо Израилге карата терс пикирде болгон респонденттердин саны Японияда 39%дан 62%га, Түштүк Кореяда 5%дан 47%га, Улуу Британияда 17,1%дан  29,8%га көбөйгөн.

АКШ Израилди эч кандай шартсыз колдогон жалгыз өлкө бойдон калууда.

Armed Conflict Location & Events Data Project долбоорунун маалыматы боюнча, 7-октябрдан 24-ноябрга чейин 118ден ашык өлкөдө жана аймактарда Палестинаны колдогон кеминде 7283 нааразылык акциясы өткөн.

Х.Карасаев атындагы БМУнун коомду изилдөө борбору былтыр 24-октябрдан 28-октябрга чейин кыргызстандыктардын Израиль менен Палестинанын ортосундагы аскердик жаңжалдарга мамилеси боюнча социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 818 респондент катышкан. Сурамжылоого катышкандардын 48%га жакыны Палестинаны колдошкон, 21%на жооп берүү кыйынга турган болсо, Израилди респонденттердин 1,2%ы га колдогон.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин соккулары башталгандан бери Газада каза болгондордун саны 28,4 миңден ашты, 68 миңден ашууну жараат алды. Бул анклавда гуманитардык кризиске алып келди.

11-февралдан 12-февралга караган түнү Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштады. Израилдин Коргонуу армиясынын авиасоккуларынан улам анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгон. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскерлерге Рафахтагы жай тургундарды эвакуациялоого даярдануу көрсөтмөсүн берип, ал жерде кургактан операция баштаганы жатат.

Эл аралык коомчулук бул шаарда аскердик операция катастрофалык кесепеттерге алып келерин эскертүүдө.

Комментарий жиберүү