Патрушев: Ооганстанда 23 миңден ашуун согушкер бар

Ооганстанда азыр 20га жакын террордук уюм бар, алардын катарында 23 миңден ашуун согушкер бар.

Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Ооганстан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучуларынын жолугушуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.

“Ооганстан – Батыштын чексиз геосаясий авантюраларынын чынжырынын түйүндөрүнүн бири. Ооганстандагы азыркы оор кырдаал үчүн негизги жоопкерчилик АКШ жана анын союздаштарында болушу керек”, – деди Патрушев.

Анын айтымында, Вашингтон Ооганстанда турган 20 жыл ичинде ал жактагы кырдаалды жакшыртуу үчүн эч нерсе кылган жок.

“Ооган экономикасын конфликттен кийинки калыбына келтирүүнүн негизги финансылык чыгымдарын (АКШ – ред.) өзүнө алуусун камсыз кылууга жетишүү зарыл. Бирок, мындай болбой жатканын көрүп жатабыз”, – деди ал.

Анын айтымында, “Батыш артка чегинүү учурунда көп сандагы курал-жарактарды таштап, жай жарыла турган бомба коюп кеткен.

«Бүгүнкү күндө ал ооган ичиндеги топтордун ортосундагы күрөштү жандантуу үчүн колдонулуп, кара базарда сатылып, үчүнчү мамлекеттерде террорчулардын колуна өтүп жатат», – деди Патрушев.

Ал Батыш Ооганстандагы катышуусун көбөйтүү аракетинен тышкары, анын террордук топторду ушул максаттарда колдонуу аракетин өзгөчө белгиледи.

“Биздин эсептөөлөр боюнча, Ооганстанда жалпы саны 23 миңден ашуун согушкерден турган 20га жакын эл аралык террордук уюмдар бар», – деп белгиледи РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Патрушев ошондой эле Батыш өзүнүн гегемониясын сактап калуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы аймактарында хаос жаратып жатканын айтып берди.

Анын айтымында, Батыш Борбор Азияда туруксуздуктун негизги очогун түзүүнү пландоодо.

Буга чейин 14-февралда ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы, генерал-полковник Андрей Сердюков Тажикстандын түштүк чек арасына жакын жерде “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлеринин саны көбөйгөнүн брифинг учурунда билдирген.

Анын айтымында, Тажикстандын түштүк чек арасына жакын жерде “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ооган бөлүмү – “Вилаят Хорасандын” жана Пакистандагы талиптер кыймылынын саны көбөйгөн.

Комментарий жиберүү