Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу  жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган.

Белгилей кетсек, Раиси Түркияга расмий сапар менен 24-январда келген. Эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Андан соң лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында 10 келишимге кол коюлду.

Палестина маселеси Ислам дүйнөсү үчүн негизги маселе

Палестина маселеси Ислам дүйнөсү үчүн негизги маселе болуп саналат жана ал адилеттүү жөнгө салууну талап кылат. Бул тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Раиси Анкарада түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

“Палестина маселеси жана сионисттик режимдин ырайымсыздыгы дүйнөдөгү эркин адамдарды тынчсыздандырган эң маанилүү маселе. Бул Ислам дүйнөсүнүн негизги маселеси. Сионисттик режимдин аракеттери АКШ жана кээ бир Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоого алынууда”, – деди Раиси.

Ал ошондой эле БУУ жана эл аралык платформалар өз функцияларын жоготуп, экинчи планга өткөнүн белгиледи.

Раиси палестиналыктарга каршы кылмыш кылгандардын жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи.

Ирандын президенти ошондой эле жаңы, адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо жана бул багытта Түркия менен кызматташуу зарылдыгын билдирди.

«Түркия, мусулман өлкөлөрү жана башка өлкөлөр, ошондой эле дүйнөнүн эркин адамдары менен бирге адилеттүү жана жаңы дүйнө тартибин ишке ашыруу үчүн аракет кылышыбыз керек», – деп баса белгиледи ал.

Түркия көз карандысыз Палестина түзүлгөнгө чейин Газаны колдойт

Түркия Палестина элине алардын көйгөйү чечилмейинче – чыныгы көз карандысыз мамлекет түзүлмөйүнчө колдоо көрсөтүүнү улантат, деди Эрдоган Анкарада Ирандын президенти катышкан бизнес форумдун катышуучуларына кайрылып жатып.

«Биз Газадагы кыргындарды токтотууга бардык күчүбүз менен умтулабыз. Биз кан төгүүнү, тирешүүнү токтотууга жана аймакта туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга жол ачуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз жана жасай беребиз. Жамандыктын эсебинен жыргалчылыкты камсыз кылууга аракет кылгандардын баары кайгылуу тагдырга туш болушат. Жеңиш палестиналык боордошторубуз тарапта болот жана борбору Чыгыш Иерусалим менен 1967-жылдагы чек араларда көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин аларды колдойбуз”, – деди түрк лидери.

Анын айтымында, Түркия Газанын тургундарына 17 учак жана 5 кеме менен 30 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет. Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 24,6 миңден ашты, 61 миңден ашууну жараат алды.

Комментарий жиберүү