Кыргызстандын Экономика министри Ооганстанга барып, “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

24-январда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ооганстандын борбору Кабул шаарында Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту.

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, өткөн жылдын 5-декабрында Кыргызстан Ооганстан өлкөсүнүн Герат провинциясындагы зилзаладан жабыркап, үй-жайсыз калган адамдарга 111 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

Оогандыктарга 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк жана Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому таратылган.

“Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним артышты.

Соңунда министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Комментарий жиберүү