Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ирак менен Сириядагы «ИМ» (Кыргызстанда жана көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган эл аралык террордук уюм) Иран, Орусия жана Түркиянын биргелешкен аракеттери менен күчүн жоготкон, бирок алар кийинчерээк Ооганстанда айрыкча азыр өлкөнүн башында турган, көптөгөн өлкөлөрдө террордук деп таанылган “Талибан” кыймылы турганда баш көтөрүп, күч ала баштады. Бирок айрым эксперттер бул  террордук уюм олуттуу коркунуч туудурбайт деп эсептешет, анткени талибдер аларга каршы турарын убада беришкен.

Ооганстандагы террордук топтор Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жаратабы жана окуялардын өнүгүшүндө кандай сценарийлер болушу мүмкүн? Бул суроолорго терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча эксперт Юлия Денисенко «Eurasia Today» агенттигине айтып берди.

Эксперттин айтымында, “ИМ” террордук тобу жана башка экстремисттер Борбор Азияга “Хоросан вилаяты” катары гана олуттуу коркунуч келтирбестен, ошондой эле алар аймактын өлкөлөрүндө да көп кездешкен жергиликтүү ячейкалар катары олуттуу коркунуч туудурат.

Уктап жаткан ячейкалар террордук актыларды жасай алат, пандемия алар жалгыз да олуттуу коркунуч туудурарын көрсөттү. Бүгүнкү күндө баары онлайн режиминде жеткиликтүү, бардык көрсөтмөлөрдү бере турган адамдар менен байланышуу да оңой.

Бүгүнкү күндө “ИМ” террордук уюмунун азгыруучулары Борбор Азия өлкөлөрү да кирген КМШнын жарандарын Афганистанга гана жөнөтүшөт, бирок алардын «Ислам мамлекети» деп аталган базасы Африкада жайгашкан.

Картаны карап көрсөк, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан жайгашкан Фергана өрөөнү Ооганстан менен чектешет. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча дал ушул жердеги өлкөлөрдүн көптөгөн жарандар “ИМ” жана башка террордук топторго кошулуп кеткен. Мен ал жакта экстремисттик идеологияны жактагандар бир нече эсе көп деп батынып айта алам.

Талибдерге келсек, алар эсептери тоңдурулгандан кийин гана террордук топтор менен күрөшө башташты, ага чейин баары эркин болчу.

Азыр чындап эле Ооганстандан түз коркунучтар жок. Талибдердин улутчул кыймыл экенин эске алуу керек, ал өз чек арасынан чыккысы келбей, өлкөнүн ичинде өзүн дагы бекемдөөгө аракет кылып жатат. Бирок, эгер логиканы иштетип, божомолдосок келечекте, кээ бир эксперттер айткандай, талибдер террорчуларга каршы күрөшүп, аларды Ооганстандан сүрүп чыгара баштайт.

Ошол эле учурда ар кандай маалыматтар боюнча 6 миңден 10 миңге чейин согушкерден турган “ИМ” террордук тобу Борбор Азиянын чек арасына, Фергана өрөөнүнө багыт алышы мүмкүн деген божомолдор да бар. Ал жерде аларды колдогондор (уктап жаткан ячейкалар) жылуу тосуп алышы мүмкүн.

Башка да сценарийлер бар. Мисалы, “ИМ” террордук уюму Кытайдын уйгур сепаратисттик кыймылдары менен биригиши мүмкүн. Бардыгы тигил же бул сценарийден пайда ала турган “куурчак ойнотуучулардын” (кукловоды) буйругуна жараша болот.

Террорчулардын колу менен кээ бир өлкөлөрдүн маданий-тарыхый баалуулуктары, алтургай мамлекеттүүлүгү талкаланууда. Буга Ирак, Сирия, Ливия жана Ооганстан мисал боло алат. Ошондой эле сөз материалдык баалуулуктар жөнүндө эле эмес, руханий баалуулуктар жөнүндө да болуп жатат. Эмне үчүн мындай болуп жатат жана эмне кылуу керек?

Жогоруда аталган өлкөлөрдөгү террорчулар тарабынан жок кылынган бардык маданий байлыктар, менин оюмча, аларды алып чыгууга мүмкүн болбой калгандыктан талкаланды. Ордунан жылдырууга мүмкүн болгон нерселердин баары чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларга сатылып кеткен.

Ал эми руханий баалуулуктарга келсек, отуз жылдан бери Борбор Азия мейкиндигинде жаңы маданий иденттүүлүк системалуу түрдө калыптанууда. Демек, социалдык психологиядагы бүт процесс болжол менен 70-80 жылды талап кылат.

Бирок, азыртадан эле Борбор Азиянын көпчүлүк жашоочулары террорчулардын риторикасын билбестен колдоп жатышат, анткени ислам терминдерине дал ошолордун түшүнүгүн келтирип жатышат.

Мисалы, «шахид» термини жанкечти-террорчуларга карата колдонулат, ал эми «жихадды» көпчүлүк аскердик аракеттер менен гана байланыштырышат. Буга чейин экстремисттер менен террорчулардын көбү саясий максаттарды көздөп, тосмо катары диндин артына жашынышат деп айткам.

Бул сөз-терминдердин таңууланган түшүнүктөргө эч кандай тиешеси жок жана башка мааниге ээ экенин аз эле адамдар билет.

Биринчиси (шахид) – ыйман үчүн адилетсиздик менен күрөшүп, мекенин, үйүн, үй-бүлөсүн коргоп, күнөөсүз өлүп, өзүн курмандыкка чалгандар.

Экинчиси (жихад) – көбүнчө өзү менен, каалоосу жана азгырыгы менен күрөшүүсү (бул момун мусулмандын чыныгы “согушу”).

Айта берсең бул сыяктуу мисалдар мусулмандардын үммөтүндө да, светтик жарандардын арасында да көп. Адамдын тилин башкарсаң, анын оюн жана кыймыл-аракетин башкарасың.

Жаңы маданий иденттүүлүктү түзүү процесси кызыкдар тараптардын аскердик катышуусун мындан ары кенейтүүсү үчүн база түзүүгө зарыл. Бул “жумшак күч” деп аталган нерсени колдонуунун бир мисалы.

Маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окуй аласыз: Радикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?

Маектешкен Азиз Пиримкулов. 

Комментарий жиберүү