Белгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду

Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист  Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ал жашаган айылдын тургундары маалымдады.

Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Бүтөө-Көл айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айдоочулук курстан окуп, беш жылга чукул керек-жарак коомунда кесиби менен эмгектенген.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы окууну аяктаган.

1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген.

Ошондон тарта 2010-жылдарга чейин «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз Туусу»), Профсоюз уюмунун «Эл жарчысы» гезитинде, «Азаттык» радиосунда кабарчы, Ирандын Кыргызстандагы «Алхода» басма үйүндө котормочу-редактор, «Жаңы кылым» гезитинде редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалап келген.

1983-жылы «Мажүрүм тал» аңгемелер топтому, 1995-жылы «Кыя жолдор» повесть жана аңгемелер жыйнагы, 2007-жылы «Каратегин» повесть, аңгемелер, очерктер, маектер топтому, 2012-жылы «Зындан» повести, 2014-жылы «Кыз күйүтү» аңгемелер жыйнагы, 1993-жылы «Жер жылдызы – Жерге-Тал» тарыхый-публицистикалык макалалары, 2007-жылы «Тажикстандык кыргыздар» публицистикалык макалалары, 1996-жылы «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери», 2008-жылы «Мухаммад пайгамбардын осуяттары» котормолору басмадан чыккан.

2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Өмүрүнүн соңку учурларында шарты жок темир күркөдө баш калкалап келгендиктен катуу ооруга чалдыккан. Төшөк тартып калганда Токмок шаарынын четиндеги «Дача-1» айылында иниси алып келип карап жатканын айыл башчы социалдык тармак аркылуу коомчулукка кабарлаган.

Жазуучунун сөөгү бүгүн «Дача-1» айылында жерге берилет.

М. Каримов бир кезде “Евразия Тудей” маалымат агенттиги менен да кызматташып, макалалары жарык көргөн. Биздин редакция маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Комментарий жиберүү