Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду. Тиешелүү жарлык расмий өкмөттүк Resmi Gazete гезитине жарыяланды.

“Швециянын НАТОго кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоону бекитүү тууралуу президенттин жарлыгы расмий өкмөттүк гезитте жарыяланды”, – деп билдирет NTV телеканалы.

Ошентип, Анкара Стокгольмдун альянска мүчөлүгүн бекитүү процессин расмий түрдө аягына чыгарды. Эми Швециянын НАТОго киришине макулдугун бере элек Венгрия калды.

23-январда Түркиянын парламенти Швецияны биримдикке кабыл алуу үчүн добуш берген. 346 депутаттын 287си макул, 55и каршы, төртөө калыс болгон.

Швеция Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуу үчүн арызды 2022-жылдын май айында Финляндия менен кошо берген. Финляндия былтыр 4-апрелде НАТОнун 31-мүчөсү болгон.

Эми Стокгольм Будапешттен акыркы макулдук алышы керек. 

Комментарий жиберүү