АКШда биринчи жолу абактагы адам азот менен өлүм жазасына тартылды

АКШнын Алабама штатында соттолгон адам биринчи жолу таза азот менен тумчуктуруу ыкмасы аркылуу өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Алабама штатынын башкы прокурору Стив Маршалл билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

Анын айтымында, процедура болжол менен 30 мүнөткө созулду.

Азот менен өлүм жазасына тартылган биринчи адам 58 жаштагы Кеннет Юджин Смит аттуу эркек киши болду.

Юджин Смит 1988-жылы буйрутма жолу менен киши өлтүрүп соттолгон. Учурда мындай өлүм жазасы үч штатта мыйзамдуу: Оклахома, Миссисипи жана Алабама. Бирок буга чейин иш жүзүндө колдонула элек болчу. Соттолгон адамдын бетине герметикалык беткап кийгизилип, азот берилет, ал менен дем алып баштаганда анын денесине кычкылтек келбей калып, акыры өлөт.

“Адилеттүүлүк орноду. Смит жасаган жийиркеничтүү иши үчүн бүгүн кечинде өлүм жазасына тартылды…”, – деп айтылат башкы прокурордун билдирүүсүндө.

Талаштуу ыкма

Америка бийликтери соттолгон адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам мурда колдонулбаган ыкма менен өлүм жазасына тартууга аргасыз болушкан: 2022-жылдын ноябрында алар Смитти АКШ үчүн стандарттуу ийне сайуу жолу менен өлүм жазасына тартууга аракет кылып көрүшкөн, бирок ийне киргизүү үчүн андан ылайыктуу тамыр таба алышкан эмес. 

Алабама штатынын бийликтери азот менен тумчуктуруу ыкмасы дүйнө жүзүндө, анын ичинде кээ бир европалык өлкөлөрдө колдонулган эвтаназия ыкмасына окшош экенин, анда адам тез жана ооруну сезбестен эсин жоготуп, анан жүрөгү токтоп калганын айтышат.

Анткен менен Смиттин адвокаттары Алабама штатынын бийликтеринде өлүм жазасынын бул түрүн ишке ашыруу үчүн керектүү жабдуулар жок экенин жана чоң көлөмдөгү беткап жетиштүү кычкылтектин өтүшүнө мүмкүндүк берип, натыйжада адам кыйналып өлөт дешкен. Апелляциялык сот адвокаттардын бардык өтүнүчтөрүн четке каккан.

Комментарий жиберүү