Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

«Талибан» 2022-жылдын мартында эле «Куш-Тепа» каналын кура баштаган. Алардын максаты  – Балх, Жаузжан, Фарьяб провинцияларында какшып жаткан жерди сугат аянтка айлантуу жана 250 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу.

285 километр аралыктагы объект толугу менен 2028-жылы курулуп бүтүш керек. Каналдын курулушу өтө тездик менен жүрүүдө, биринчи этаптагы 108 км өткөн жылы, белгиленген мөөнөттөн 8 ай эрте пайдаланууга берилди.

«Куш-Тепанын» курулушу 700 млн долларга бааланган. Алгач каржылоо Афганистандын бюджетинен пландаштырылган. Бирок жакында 600 млн долларды  Мамлекеттик департамент тарабынан түзүлгөн АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги бөлө тургандыгы белгилүү болду.

Бул америкалыктар үчүн деле күтүлбөгөн жаңылык катары кабыл алынууда. Себеби адатта АКШ өз акчасын өкмөт аркылуу чет элдик инфраструктурага чегербейт. Ошол эле учурда Батыштын менчик компаниялары да адатта негизинен мунай, сейрек металлдардын жана башка өздөрүнүн өнөржайы үчүн сырьё катары колдоно турган кен байлыктарга “аңчылык” кылышат.  Андыктан АКШ кандайча алгач  «Томагавкалар» менен аёосуз талкалаган, кийин 20 жыл катары менен оккупациялап жаткан Афганистандын суу ресурстарына камкордук көрө баштады?

«Бул жерде өзгөчө деле жашыруун сыр жок, – деп эсептейт  «Каспий-Евразия» эл аралык жана коомдук-саясый иликтөөлөр борборунун эксперти Александр Алексеев. – АКШга баа берсе болот, алар өздөрүнүн геосаясый чагымчылдык аракеттерин узак убакыт ойногонду жакшы билишет. Бул айтканыбызга эң жакын жана далилдүү мисал – өздөрүнүн жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн Украинаны Россия менен согуштуруп, отту тутандырып койду. Кош-Тепа менен болгон жагдай тууралуу айта турган болсок,  сугат суудан жабыркап келген Борбор Азиянын эбегейсиз аймагына башаламандыкты орнотуп, «суу согушун» тутантуу сценарийи каралууда. Демек, суу талаштан кошуна мамлекеттердин ортосунда карама-каршылык чыкпайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Ал эми отко май чачып койсо, ал жалбырттап да кетиши мүмкүн».

Вашингтон Борбор Азияны Россия жана Кытайдан бөлүп алууну көздөй тургандыгын ачык эле билдирип келет. Бул максатына жетүү үчүн сүйлөшүү, азгыруу ыкмалары колдонулуп, тилекке каршы эч кандай реалдуу экономикалык кызматташтык сунушу айтылбайт.  Кош-Тепага акча жумшоо менен Батыш азыркы Кабулду каржы кайырмагына илип, ошол эле учурда Афганистандын кошуналарына көйгөйдү жана түздөн-түз коркунуч жаратып койду. Келечекте бул кадам аскердик кагылышууга да өтүп кетиши мүмкүн. Ошондо америкалыктар 2001-жылы Афганистанга кирген учурда Кыргызстан жана Өзбекстанда аскердик базаларды ачкандай   «жардамга келишет».

https://www.youtube.com/embed/K6Bxkzmoano?si=aYxoC_2NTUCQKL1m

Эмесе, цифраларды карап көрөлү. Куш-Тепа каналынын курулушу аяктагандан кийин Өзбекстан жана Түркмөнстан жыл сайын 10 млрд кубометр сууну (Амударьянын 15%ы) жоготуп, аймактагы суу балансы кескин өзгөрөт. Азырынча артында АКШ тургандыгын сезген талибдер өздөрүнө ишенимдүү болуп, баштаган ишин жигердүү улантууда.  Ал тургай ар кандай сүйлөшүүлөрдөн оройлук менен баш тартып, Афганистанга  «Амударьянын 27-30%ы таандык экендигин» билдиришүүдө. Ошол эле учурда расмий Кабул дарыянын суусун биргелешип пайдалануу тууралуу эч кандай документке кол койгон эмес.

Келечекте мындан да опурталдуу жагдай болушу мүмкүн. Талибдер Дашт-и-Жун  суу сактагычын куруп, Пянж дарыясынын кайсы бир бөлүгүн жай мезгилинде буруп кетүүнү пландаштырууда. Ошентип Афганистандын түндүгүндөгү трансчегаралык дарыялардан суунун көбүнө ээлик кылып калат.

«Куш-Тепанын ишке киргизилиши Өзбекстандын Бухара, Хорезм облусттарында, Каракалпак автономиялуу облусунда экологиялык стрессти жана суу ресурсуна болгон өтө оор көйгөйлөрдү жаратат. Бул жагдайга Ташкент, Душанбе, Ашхабад унчукпай эле карап отура бербеши мүмкүн. Демек, ыкчам жана каттуу жооп берүүгө туура келет. Суунун тартыштыгы миллиондогон адамдардын күнүмдүк жашоо турмушуна, экономикасына чоң сокку уруп, миңдеген гектар пахта аянттары, жашылча-жемиш эккен айыл чарба өсүмдүктөрү түшүмсүз калып, бул продукцияларды экспорттоп келген болсо, андан ары импорттоп калышы мүмкүн», – дейт Александр Алексеев.

Эмне кылуу керек? Алгач БА мамлекеттери Куш-Тепа каналы боюнча жалпы позицияны иштеп чыгып, бул чечимди кийинкиге калтырбай, тез арада чечүүнү мезгил талап кылууда. Бул көп сөздү жактырбаган талибдер менен жеңил жана ишенимдүү сүйлөшүүгө шарт түзөт.

Негиз катары СССР доорундагы суу боюнча өз ара кызматташуу тажрыйбасын да алса болот. Ал кезде бул аймакта эч кандай суу талаш көйгөйү болгон эмес. БА өлкөлөрүнө талибдер менен суу бөлүшүүгө Россия да кайдыгер карабай, өзүнүн суу пайдалануу тармагындагы  өнүккөн илимий комплексин кошуп, кыйын сүйлөшүүлөрдөгү аймактык таасири жана тажрыйбасын бөлүшөт деп айтса болот.

Даярдаган Эмилбек Момунов.

Комментарий жиберүү