Азирети Муфтийдин кызмат ордуна конкурс жарыяланды

Азирети Муфтий кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февраль, саат 17:00 гө чейин документтерди тапшырышы керек. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аалымдар Кеңешинин бүгүнкү жыйынында 2024-жылдын 10-февралына Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайын чакыруу чечими кабыл алынды. Аны менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин астында түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыялады. Кыргызстандын Муфтийи кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январь күнү саат: 10:00 баштап 6-февраль саат 17:00 гө чейин талап кылынган документтерди Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясына тапшырууга тийиш. Биздин дарек: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 264/3. Муфтияттын имараты. 2 кабат, 11-кабинет.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);
7. Жогорку диний жана жогорку светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;
8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер үчүн коюлган талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү бар;
2. Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;
3. Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;
4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
5. КМДБнын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;
6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
7. Мурда соттолбогон;
8. Эч бир саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок;
9. Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;
10. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Комментарий жиберүү