Иран биринчи жолу бир учурда космоско үч спутник учурду. Видео

Иран өлкөсү Ислам революциясынын жеңишинин 45-жылдыгынын алдында «Simorgh» ракетасынын жардамы менен ата мекендик өндүрүштөгү үч спутникти бир убакта космоско ийгиликтүү учурганын билдирди.

Ирандын расмий ЖМКлары «Mahda», «Kayhan-2» жана «Hatef-1» спутниктери 450 километр бийиктиктеги орбитага чыгарылганын маалымдашты.

Ирандын космостук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан жана сыналган «Мahda» изилдөөчү жабдык, анын салмагы 32 кг. «Kayhan-2» жана «Hatef-1» спутниктери болсо наноспутник деп аталды. Алар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан башкарылган Иран Электроника өнөр жай компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Бул спутниктердин салмагы он килограммдан

Спутниктер жекшемби күнү Семнан провинциясындагы Имам Хомейни атындагы космостук борборундагы учуруу платформасынан учурулду.

Эске салсак, өткөн аптада Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү “Каем 100” ракетасын колдонуу менен “Сорая” спутнигин орбитага чыгарган.

Ага чейин 2020-жылы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрү “Нур-1” спутнигин 425 километрдик орбитага, андан соң эки жылдан кийин “Нур-2” спутнигин 500 километрдик орбитага жана былтыр сентябрда «Нур-3» спутинигин космоско ийгиликтүү учурган.

Үч спутник тең Ирандын Аэрокосмостук күчтөрүнүн адистери тарабынан иштелип, чыгарылган «Qased» ракетасын колдонуу менен учурулган.

Комментарий жиберүү