РФнын БШКсы Путинди президенттик шайлоого талапкер кылып каттады

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы  Элла Памфилова чечим бир добуштан кабыл алынгандыгын маалымдады.

РФнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурдагы мамлекет башчы Владимир Путинди Россиянын президенттигине өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары каттады.

«Чечим бир добуштан кабыл алынды», — деп жарыялады комиссиянын тыянагын  Элла Памфилова.

РФнын БШКсынын катчысы Наталья Бударина өз кезегинде билдиргендей, Путинди колдоп тапшырылган  315 миң  колдун 60 миңи эреже боюнча тандалып алынган. «Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 60 миң колдун 91и жараксыз деп табылды. Бул шайлоочулар тууралуу маалыматтын так эместиги. Андыктан 91 кол жараксыз деп табылды — бул жалпы текшерилгендерден 0,15%ы», — деди ал.

Бударина кол койгондордун негизсиздиги тууралуу маалымат жок экендигин тактады.  Ошентип сунушталган так жана жарактуу колдор 314 миң 909ду түзүп, «бул талапкерди катоого жетиштүү болуп саналат».

Путин мамлекет башчылыкка катталган  төртүнчү талапкер болду, мурда БШК үч парламенттик партиялардын  — Леонид Слуцкий (ЛДПР), Владислав Даванков («Жаңы адамдар») жана Николай Харитоновдун (РФКП) талапкерлерин каттаган. Путин үчүн алдыдагы шайлоо саясый карьерасында бешинчиси болуп саналат, буга чейин ал мамлекет башчылыкка төрт жолу шайланган  (2000, 2004, 2012, 2018-жылдары), эң көп жыйынтык 2018-жылы болгон, анда шайлоочулардын  76,69%ынын добушун алган.

РФда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-17-мартта өтөт.

Комментарий жиберүү