С. Жапаров экинчи мөөнөттөгү президенттик шайлоого катышат 

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Мындай маалыматты  президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

«Ооба, Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот», — деди Аскат Алагөзов.

Белгилей кетүүчү жагдай, 29-январда вице-премьер-министр Эдил Байсалов маалымат каражаттарынын биринде сүйлөп жатып: “Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, — деген.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Мындан мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин экинчи ирет шайлоого катыша турганын ишарат кылган.

Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 2023-жылы 17-декабрда Фейсбуктагы баракчасына ал тууралуу Садыр Жапаровдун Элдик курултайда айткан сөздөрүн комментарийлеген билдирүүсүндө жазган.

“Биринчиден, президентибиз туура айтты. Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат, буюруса!”, — деп жазган Камчыбек Ташиев.

Комментарий жиберүү